Соцтармакта талкууланган тик учак мыйзамдуу жол менен ижарага берилген. Алдын ала жеке жак менен 21-июнда 1 саат учууга келишим түзүлүп, акысы төлөнгөн соң 24-июнда 56 мүнөт учушкан. Ал үчүн кассага Афтандил Сабырбеков 157 миң 662 сом төлөгөн. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Учуу убактысы мүнөт, секунддарына чейин тик учакта сакталат. Акыркы жылдары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тик учактардын үч түрү алынган. Мамлекеттин ишине колдонуудан сырткары коммерциялык багытта да иштейт. Мамлекеттик, министрликтин ишмердүүлүгү үчүн тик учактардын чыгымы бюджеттик каражаттардын эсебинен камсыздалат. Ал эми жеке жактарга ижарага берилген учурда ал каражаттардын ар бир тыйыны мамлекетке түшүп, кийинки жаңы тик учактарды сатып алууга же жыл сайын башка мамлекеттен техникалык көзөмөлдөн өткөрүүгө топтолот. Тик учактар учпай тура берсе, белгилүү бир мөөнөтү өтүп кеткенден кийин учууга жараксыз болуп калат.
Жеке жактар келишим түзүү менен “Н-125 Airbus” тик учагын саатына 157 662 сом, ал эми “Н-145 Airbus ” тик учагын саатына 262 770 сом төлөп колдоно алышат. Тик учакты ижарага алууну каалагандар ӨКМге караштуу Авиациалык издеп-куткаруу мамлекеттик мекемесинин инстаграмм баракчасынан (aviameskg) кеңири маалымат ала алат.
2025-жылдын 23-январында Камчыбек Ташиев үч эм төрөлгөн жаш үй-бүлөгө эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. 2026-жылдын 21-январында ЖМК аркылуу Талас облусунда...
21-январда “Жылдын мыкты мугалими – 2025” республикалык кароо-сынагынын жеңүүчүсү Элзат Асанова мамлекет тарабынан убадаланган бир бөлмөлүү батирдин ачкычын колуна алды....
2026-жылдын 17-январында Т.А. жана Октябрь РИИБдин кызматкери, милициянын лейтенанты А.Э.Б., КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда (опузалап акча талап кылуу)...
Социалдык тармактарда жарандар тарабынан кыргыз тилин шылдыңдаган видео материал жарыяланып, коомчулукта кеңири талкуу жараткан. Аталган факт Бишкек ШИИББдин Маалыматты каттоо...
19-январда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Архитектура-курулуш контролдоо департаментинин жана аймактык башкармалыктардын кызматкерлери менен жыйын өткөрдү....