Президенттин иш башкаруучусу Баткендеги үйлөр боюнча: «Акчасын алып, ишин бүтүрбөй качып кеткендер да бар»

«Акчасын алып, ишин бүтүрбөй качып кеткендер да бар». Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

“Президент койгон тапшырманы аткардык, үйлөр толугу менен тургузулуп, көчөлөрүнө асфальт басылып, жарык коюлду. Мамлекет өз убагында каражат бөлүп, курулушка катышкан субподрядчы компанияларга берилген. Арасында каражатты алып, жумушун бүтүрбөй качып кеткен компаниялар дагы бар, алардын жумушун дагы биз аягына чыгардык. Алардын жоопкерчилигин укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди», — дейт ал.