Президенттин кеңешчиси: «Пакистандыктар чоң киреше алып келди, бирок аларды Бишкекте эл көргүсү келбейт»

Былтыр күз-кыш айларында Бишкек аркылуу башка өлкөлөргө эбегейсиз көп каттамдар жасалган. Ошол мезгилде өлкөгө жүз миңдеген доллар киреше түшкөнүн президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев бүгүн, 28-июнда «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.

Президенттин кеңешчисинин айтымында, алар негизинен араб өлкөлөрүнө уча турган пакистандыктар болгон. «Таксисттер сүйүнүп, эң жакшы учур экенин айтып жатышты», — деди Абыкеев.

Бирок ал кийинчерээк эл нааразы болуп, айрым каттамдарды жабууга туура келгенин кошумчалаган. Ал ошондой эле туризм ийгиликтүү өлкөлөр үчүн чоң киреше булагы экенин эске салды. Кеңешчинин айтымында, жыл сайын Меккеге 6-7 миллион зыяратчы барып, миллиарддаган доллар киреше алып келет. “Жарандар Бишкектин көчөлөрүндө “узун кийимчен чет элдиктерди” көргүсү келбесе, туризмди кантип өнүктүрүү керек?” – деди кеңешчи.

Президенттин кеңешчиси элди мыйзамды сыйлоого үйрөнүүгө чакырды.