Президенттин Ысык-Көлдөгү мурдагы өкүлү Алтынбек Сулайманов кармалганы маалымдалууда

Президенттин Ысык-Көлдөгү мурдагы өкүлү Алтынбек Сулайманов кармалганы маалымдалууда. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты.

Ал 27-сентябрда «мындай жергиликтүү башкаруу системасы иштеп турганда аракеттерим текке кетерине көзүм жетти» деп кызматтан кеткен болчу.