Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов уулун өзбек ишкери Хабибулла Абдукадырдын кызына үйлөнтөт. Бул тууралуу Reporter.kg өз булактарына шилтеме берүү менен жазып чыкты.
«Айрым маалыматтарга караганда, үйлөнүү үлпөт той Казакстандын Алматы шаарында өтөт. Учурда майрамдык салтанатка даярдыктар көрүлүүдө. Мурунку мамлекеттик кызматкердин уулу Бакай Матраимов Лондондогу жеке мектепте окуган”,— деп жазат агенттик.
Хабибулла Абдукадыр — Кытайдан Өзбекстанга Кыргызстан аркылуу товар ташыган өзбек ишкери.