Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдун жубайы Салкын Алимбаева үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, мындай чечим кечээ, 29-июлда чыккан. Ал 24-сентябрга чейин үй камагында болот. Сотко берилген материалдар боюнча тергөөнүн жүрүшүндө келтирилген материалдык чыгым толугу менен толтурулган.
25-майда Равшан Жээнбековдун жубайы Салкын Алимбаеванын кармалганы айтылган. Анын жактоочусу Разак Ашымбаев Алимбаева коррупция беренеси боюнча айыпталып жатканын билдирген.