Равшан Жээнбековдун тарапташы Айсулуу Кудайбердиеванын үйү тинтүүгө алынды
Экс-депутат Равшан Жээнбековдун тарапташы Айсулуу Кудайбердиеванын үйү тинтүүгө алынды. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, ал кечээ, 29-сентябрда УКМКга саат 16:00гө баарлашууга деп чакыртылып, бирок барган соң, сурак берип чыккан.
"Ачыкка чыгарбоо тууралуу кагазга кол коюп бердим. Бирок мени башында суракка күбө катары чакыртылып жатканымды айтышкан. Кийин мен кылмышка шектүү болуп чыктым. Сурактан кийин үйгө барып, тинтүү жүргүзүштү", - деди ал.