Равшан Жээнбековдун тарапташы УКМК тарабынан кысым жана куугунтук болуп жатканын айтты

Саясатчы Равшан Жээнбековдун тарапташы Айсулуу Кудайбердиева УКМК тарабынан кысым жана куугунтук болуп жатканын айтты.

«Урматтуу достор, коллегалар жана пикирлештер. Силер баарыңар жакшы билгендей эле, мен дагы көптөгөн журналисттер, жарандык активисттер жана саясатчылар сыяктуу эле Равшан Жээнбековдун саясий иштерине жардам бергеним үчүн УКМК тарабынан бир нече ай бою басымга жана куугунтукка дуушар болуп келем. Эми ал жактагы куугунтукту бүтүрүшүп, менин ишимди сотко өткөрүштү. Жакында эле оппозициячыл саясатчы Жээнбековду бийлик түрмөдөн чыгарды, бирок анын жакындары — карындаштары жана мен жасалма кылмыш иштерине тартылуудабыз. Карындашы Мира Жээнбекова УКМК тарабынан “104 квартирага” күнөөлөнгөн. 104 квартираны таба алышпады. Бүгүнкү күндө айлалары кетип, 4 сотых жер боюнча кылмыш ишин улантышууда. Ал эми мени УКМКнын тергөөчүсү 2019-жылы “чек араны туура эмес кесип өткөнсүң” деп кылмыш ишин фальсификациялап, ишти сотко өткөрдү. Бүгүн саат 14:30да Биринчи Май райондук сотунда мени кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча соттун биринчи отуруму болот», — деп жазды ал.