Апам Салкын Алимбаева оор операциядан кийин, кечээ СИЗОдогу ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Равшан Жээнбековдун уулу Азат Жээнбеков жазды.
«Анын ден соолугу дагы деле жакшы эмес жана андан ары операция жана дарылоону талап кылат. Апам эч себепсиз УКМКнын СИЗОсунда 2 ай жатып, ден соолугуна терс таасирин тийгизди. Апам эч кимге, эч кандай материалдык зыян келтирбегендиктен кун төлөгөн жок жана анын эч кандай «жерге» тиешеси жок»,— деп жазды ал.
Салкын Алимбаева үй камагына чыгарылган. Маалыматка караганда, мындай чечим кечээ, 29-июлда чыккан. Ал 24-сентябрга чейин үй камагында болот. Сотко берилген материалдар боюнча тергөөнүн жүрүшүндө келтирилген материалдык чыгым толугу менен толтурулганы маалымдалган.
25-майда Равшан Жээнбековдун жубайы Салкын Алимбаеванын кармалганы айтылган. Анын жактоочусу Разак Ашымбаев Алимбаева коррупция беренеси боюнча айыпталып жатканын билдирген.