Республикалык штаб: «Дүйнөдө маймыл чечек оорусу тарап жатат»

Дүйнөдө маймыл чечек оорусу тарап жатат. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.

Маалыматка караганда, майдын башынан тарта Британияда маймыл чечек оорусунун 11 учуру катталган. «Оорунун учурлары тууралуу Германия, Италия, Бельгия, Франция, Португалия, Канада, АКШ жана Австралияда билдиришти. Илдетке кабылгандардын саны боюнча Испания алдынкы орунда турат. ДССУ эксперттердин тобун маймыл чечек оорусунун күчөшүн талкуулоо үчүн чукул жыйынга чакырды. Улуу Британия аталган оорунун учуру аныкталганы тууралуу биринчилерден болуп маалымдаган. 7-майда бул жакта Нигериядан келген адамдан илдет аныкталган»,— деп айтылат маалыматта.

Маймыл чечеги — 1958-жылы белгиленген жугуштуу оору. Көпчүлүк учурлары Африкада катталган: эреже болуп калгандай, 16 жашка чейинки өспүрүмдөр жугузган. Изилдөөлөр маймыл чечек оорусу чечекке бир кыйла окшош экенин көрсөттү. Негизги белгилеринин арасында — калтыратма жана денеге бүдүр-бүдүр майда тактар түшөт. Оору орто эсеп менен 14 күндөн 21 күнгө чейин созулуп, өзү өтүп кетет. Маймыл чечек оорусунда адам өлүмүнүн учурларынын коэффиценти 1ден 10 пайызга чейин. Африкадан тышкары биринчи учурлары 2003-жылы АКШда катталган. Акыркы жолу 2017-жылы Нигерияда аныкталган. Орусиянын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо федералдык кызматы Орусияга маймыл чечегин алып келүү тобокелдиги бир кыйла төмөн деп ырасташууда.