Кубан Адыл уулу жана Токтакунов Кумарбек Кыдырбекович Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.
Ал эми президенттин дагы бир буйругу менен Альчиев Рысбек Карагулович Башкы прокурорунун орун басары кызматынан бошотулду.