Мурдагы депутат Рыскелди Момбеков кечээги массалык кармоолордон кийин социалдык тармактагы баракчасына пост жазды.
«Кемпир-Абад деген кемпирди, Жетим-Тоо деген жетимди жаптыңар, эмне пайда таптыңар?! 19 жаштагы бала менен 71 жаштагы чоң ападан чочудуңарбы ыя? Уят эмеспи ушунуңар, урматтуу бийлик төбөлдөрү?! Чындыкты айткандардын баарысын сындыра алышыңар мүмкүн, бирок тындыра албайсыңар да. Түтөгөн сайын күчөгөн биздин эл экенин, эң жакшы билесиздер. Азыркыдай кырдаалда алар жамгырдан кийинки козу карындай жайнап чыгат, анда эмне кыласыңар? Куугунтукту, куйтулукту токтотуш керек, ансыз деле абалыбыз оор», — деп жазды ал.










