Саат 14:20да тажик тарап Чоң-Алай районундагы аткылоону токтотту

Саат 14:20да сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тажик тарап Чоң-Алай районундагы кыргыз чек арачыларынын позицияларын миномёттон жана артиллериялык түзүлүштөрдөн аткылоону токтотту. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

УКМКнын Чек ара кызматы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды турукташтыруу боюнча иш-чараларды улантууда.