Саат 16:00дө кыргыз жана тажик тарап ок атышууну токтотууга макулдашышты

Саат 16:00дө кыргыз жана тажик УКМК башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов ок атышууну токтотууга макулдашышты. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда эки тараптуу сүйлөшүү башталганы маалымдалган.