Чек ара кызматынан бүгүн, 10-мартта Баткен районуна караштуу Паскы-Арык жерлигинде Кыргызстандын Баткен багыты жана Тажикстандын Согдий багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү болуп өткөндүгүн маалымдашты.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында төмөндөгүдөй чечимдер кабыл алынды:
— ар бир тарап 10-мартта курал колдонуу менен орун алган чыр-чатакты өзүнчө териштирүү жүргүзүп, териштирүүнүн алдын ала жыйынтыгын 12-мартка пландаштырылган эки тараптын чек ара ведомство жетекчилерине жеткирилет;
— эки тарап тең чектеш жайгашкан айылдардын жергиликтүү жашоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантат. Баткен жана Согдий облустарынын башчылары бүгүнтөн баштап чыр-чатактарды болтурбоо жана аларды алдын алуу боюнча керектүү чараларды көрүп башташат.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптын аскер кызматкерлеринин кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде өзүн өзү алып жүрүү эрежелерин сактоо боюнча суроолор көтөрүлдү. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү чыр-чатак орун алган жерге тартылган кошумча күч, каражаттарды жана техникаларды туруктуу жайына жайгаштырууну келишишти. Саат 16:00гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кырдаал туруктуу деп мүнөздөлөт.
Бүгүн, 10-мартта саат 10:50гө карата кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн чек арачыларынын ок атышуусу орун алган.