Саат 23:15ке карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал салыштырмалуу чыңалуу деп мүнөздөлөт. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Кыргыз айылдарын миномёттон аткылоону токтотуп, саат 22:50дөн 23:16га чейин Баткен облусунун Баткен районунун Радар-1 жерлигинде тажик тарап УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлерин маал-маалы менен аткылап турушкан. Мындан тышкары, чыр-чатак орун алган жерге тажик тарап кошумча күчтөрүн жана каражаттарын топтоп жатканы байкалган.
Күч структуралары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн жеринде координациялоону Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы катчысы генерал-лейтенант Марат Иманкулов ишке ашырып жатат. УКМКнын Чек ара кызматы кырдаалды турукташтыруу үчүн баардык чараларды көрүүдө.











