Садыр Жапаров “Ак кула” ат майданынын жаңы курула турган имаратына мезгил кутусун салды (видео)

Садыр Жапаров “Ак кула” ат майданынын жаңы курула турган имаратына мезгил кутусун салды.

Президент баса белгилегендей, ат майдан спорттук иш-чаралардын борбору гана болбостон, элдин демине дем, күчүнө күч кошо турган жайга айланат. Ат майданда көк бөрү оюндарын көрүү үчүн 10 миң орун, ал эми башкы ат майдан 20 миң орундуу болору мерчемделүүдө. Мурдагы ат майдан 3 миңдей кишини гана сыйдыра алчу, анын аянты 57 гектар болчу. Жаңы ипподромго 200 гектардан ашык жер бөлүнүп берилди.

Ат майданын куруу пландарына токтолуп, күлүктөрдү 1600 метрге жана 2000 метрге чабуунун схемалары да чийилгенин белгиледи. Дагы бир баса белгилеп кетүүчү жагдай — ат майданынын имараты көп функционалдуу болот. Анын ичинде соода борбору, мейманкана, дүкөн, кафе-ресторан эске алынган, кыскасы комплекстин жыл бою иштөөсү үчүн бардык шарттар каралган. Ат оюндарына келүүчүлөрдүн коопсуздугу да эске алынган.