Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-августта телефон аркылуу улуттук курама команданын мүчөсү, грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудовду Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш медаль жеңип алгандыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
«Көптөн берки талбаган эмгегиңдин жана талантыңдын натыйжасындагы жетишкендигиңди чын жүрөктөн куттуктайм. Сен али жашсын, келечекте алтын медалды дагы багындырасың. Бүгүн Манастын чыныгы тукуму экениңди далилдедиң. Олимпиадада күмүш медаль баарынын бактысына эле жазыла бербейт. Мындай ийгилик улуттук спорттун тарыхында көп деле болгон эмес, ошондуктан бул жеңиш жалпы кыргызстандыктар үчүн өтө маанилүү жана өтө баалуу. Миллиондогон мекендештерибиз демин ичине катып, сенин күрөшүңдү көрүп турушту, чын жүрөктөн сүрөп, чын жүрөктөн кабатырланып жатышты. Биз спортчуларыбызды мекенибизде чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Аман-эсен кайтып келип алгыла!» — деди ал.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын олимпиадалык курама командасына мындан ары да ийгиликтерди каалап, калган спортчулар дагы сөзсүз жогорку сыйлыктарга ээ болоруна ишеним артып жаткандыгын билдирди.