Жума, 13.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Садыр Жапаров ЕАЭБ алкагындагы кыйла актуалдуу багыттарды белгиледи

12:07 20.08.2021
0
Садыр Жапаров ЕАЭБ алкагындагы кыйла актуалдуу багыттарды белгиледи

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) мүчө-өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Садыр Жапаров өз сөзүндө ЕАЭБ өлкөлөрүн чектеш чек аралар эле эмес, достук ынактыгы, көп кылымдык биргелешкен жанаша жашоо, экономикалык, саясий, экологиялык жана демографиялык кызыкчылыктар да бириктирип турарын баса белгилеген.

«Биздин бүгүнкү жолугушуу Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алдында өтүп жатканы көрүнүктүү окуя. Бул күндөрү өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин отурумунун жыйынтыгы  ЕАЭБ алкагындагы кызматташтыктын мындан аркы өнүгүүсүнө, анын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун арттырууга салым кошот деп ишенем. Кыргызстан биздин мамлекеттер ортосундагы ар тараптуу кызматтташуунун тереңдешине өзгөчө маани берип, мындан ары да Биримдик мейкиндигинде интеграциялык процесстердин кийинки өнүгүүсүнө салым кошоруна ишендирип кетким келет», — деп белгиледи Садыр Жапаров. 

Президент өткөн жылы бардыгы дүйнө үчүн күтүүсүз болгон коронавирус пандемиясына туш болуп, анын кесепеттери бардык коомчулуктун социалдык-экономикалык  жашоо көндүмүнө өчпөс так калтырып жана экономикалык активдүүлүктүн төмөндөшүнө алып келгенине токтолду. Бирок, кубаныч менен белгилей кетүүчү нерсе Биримдиктин бардык өлкөлөрү ынтымактуу реакция кылып жана гуманитардык жардам берүү, «жашыл коридор» уюштуруу, санариптик тармакка өтүү жаатында бири-бирине мүмкүн болгон максималдуу колдоону көрсөтүштү.

«Быйыл биздин Биримдикке 7 жыл болду жана биз бул убакыт аралыгында көп нерседен өтүп, көп нерсеге жетиштик. Тилекке каршы, коронавирус пандемиясы Кыргыз Республикасынын эле эмес Биримдиктин башка өлкөлөрүнүн да макроэкономикалык келечегин алсыратты. Экономикалык активдүүлүктүн төмөндөөсүнө, экономикалык өсүштүн жана өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өз ара соода ыргагынын басаңдашына алып келди. Биз өлкө экономикасынын пандемияга чейинки деңгээлине 2023-жылы келет деп божомолдоп жатабыз. 2021-жылы ИДПнын реалдуу өсүшү экономикалык активдүүлүктүн калыбына келгенине жараша 3,8 пайызды түзөт. (202-22) 0-23-жылдары ИДПнын орточо эсеп менен 4,4 пайызга чейин өсөрү божомолдонууда», — деди өлкө башчы.

Бул прогноздор медициналык вакциналардын жайылышы менен  коронавирус инфекциясын жуктурган жаңы учурлардын кыскарышын, саясий туруктуулукту кармоону жана тышкы суроо-талапка ылайык соода шарттарынын жакшырышын талап кылат.  Садыр Жапаров бүгүнкү күндө Биримдиктин бардык мүчө-мамлекеттери үчүн өтө маанилүү болуп келаткан маселелерге көңүл бурду.

Негизинен:   

— коронавирус инфекциясынын мындан аркы жайылышына жол бербөө боюнча макулдашылган жолдору. Таасирлүү багыттардын бири катары учурдагы өнүктүрүү институттары менен биргеликте ЕАЭБ өлкөлөрүндө вакцина өндүрүүнү каржылоо мүмкүндүгүн карап чыгуу;

— Евразиялык экономикалык интеграциянын 2025-жылга чейинки өнүктүрүү стратегиялык багыттарын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планын этаптуу жана сапаттуу аткарууну улантуу зарылдыгы. Бул аракеттер бизге товарлардын, кызматтардын, капиталдын жана жумушчу күчтүн  жалпы рыногун калыптандырууга; ЕАЭБдин жалпы рыногун жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатууга; бажыдагы жөнгө салууну жана администрлөөнү азыркыга караганда сапаттуу жогорку деңгээлге чыгарууга, ошондой эле  Биримдиктин санариптик мейкиндигин калыптандырууга мүмкүндүк берет;

— Экономиканын приоритеттүү тармактарын өнүктүрүү боюнча биргелешкен максаттуу өнүгүү программаларын иштеп чыгуу. Максаттуу программаларды иштеп чыгуу Евразия өнүктүрүү банкы, Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду, ошондой эле башка эл аралык финансы институттары тарабынан экономика тармактарын колдоонун универсалдуу жана ийкемдүү инструменттерин түзүү менен байланышта болушу керек.

Мамлекет башчысы Биримдик иштеген мезгил аралыгында жалпы рынокту түзүүгө жана евразиялык интеграцияны тереңдетүүгө багытталган максаттарга жетишилгенин белгиледи. Мындай жетишкендиктерге пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашууга кол коюлушун, «Чек арасыз жумуш» жана «COVID жок саякаттоо» долбоорлорун ишке киргизүүнү, ошондой эле «ЕАЭБдин 2025-жылга чейинки өндүрүштүк саясатынын негизги багыттары» документинин кабыл алынышын кошсо болот. Бул документ аркасында өндүрүштүк кызматташтыктын негизги приоритеттери дүйнөдөгү өндүрүштүк өнөр жайдагы стандарт жана өзгөргөн тенденцияларды эске алуу менен жаңыртылып жана өзгөртүлүп түздөлдү.

Сөзүнүн аягында Садыр Жапаров Биримдикке мүчө-мамлекеттердин ар биринин потенциалын жогорулатуу, өндүрүштүк чынжырчаны түзүү жана экспорттук потенциалды өстүрүү зарылдыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде өкмөт башчылары Биримдик алкагында интеграциялык процесстерди мындан ары өнүктүрүү боюнча өз ара кызматташууну күчөтүүгө, соода-экономикалык алакаларды чыңдоого жана башка бир катар актуалдуу маселелер боюнча активдүү өз ара иш алпарууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө

БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө

Автор Эдита Ильясова
17:02 12.03.2026
0

Климаттын өзгөрүшү — бүгүнкү күндүн эң олуттуу глобалдык көйгөйлөрүнүн бири. Анын кесепеттери дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө байкалууда. Казылып алынуучу отундарды колдонуу...

Предметке карабайт… Бардык мугалимдердин айлыгы 100 пайызга жогорулайт

Предметке карабайт… Бардык мугалимдердин айлыгы 100 пайызга жогорулайт

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:51 11.03.2026
0

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана колдоосу менен 2026-жылдын 1-апрелинен тартып билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгек акысы учурдагы деңгээлден 100 пайызга...

Бишкек-Ош жолу ачылды

Бишкек-Ош жолу ачылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:55 11.03.2026
0

Бишкек-Ош автожолуна түшкɵн кар кɵчкү саат 11:30да толугу менен тазаланып, эки тараптуу каттам камсыздалды. Учурда Арал постунан киргизилген оор жүк...

Ала-Белде кар көчкү түшүп, Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылды

Ала-Белде кар көчкү түшүп, Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:36 11.03.2026
0

Бүгүн, 11-мартта таңкы саат 6:50дɵ Бишкек-Ош авто жолунун 224-чакырымында Ала-Бел ашуусунда кар кɵчкү түштү. Бардык авто унаалар үчүн каттам убактылуу...

Орозо айт майрамы 20-мартта белгиленет

Орозо айт майрамы 20-мартта белгиленет

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:58 10.03.2026
0

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2026-жылдын Орозо айт майрамы 20-март күнүнө дал келерин маалымдайт. Бул чечим ТМУга мүчө-өлкөлөрүнүн муфтияттарынын алдындагы фатва...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Бийликти каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган посттор… ИИМ журналист камакка алынганын билдирди

Бийликти каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган посттор... ИИМ журналист камакка алынганын билдирди

09:27 12.03.2026
БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө

БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө

17:02 12.03.2026
«УКМК тарабынан кармалды, арыз жазам деп коркуткан». Бишкекте 50 миң доллар талап кылууга шектүү кармалды

"УКМК тарабынан кармалды, арыз жазам деп коркуткан". Бишкекте 50 миң доллар талап кылууга шектүү кармалды

09:37 12.03.2026
БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө

БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө

17:02 12.03.2026
Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды

Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды

10:15 12.03.2026
Бишкекте кайгуул кызматкерлери зордуктоо кылмышына шектелген жүк ташуучу унаанын айдоочусун кармашты

Бишкекте кайгуул кызматкерлери зордуктоо кылмышына шектелген жүк ташуучу унаанын айдоочусун кармашты

09:42 12.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү