Шаршемби, 29.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Эмнелер айтылды

14:45 08.07.2025
0
Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Эмнелер айтылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-июлда Тажикстан Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон менен Душанбе шаарында кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Эки мамлекеттин башчылары кыргыз-тажик мамилелери, ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган эл аралык жана аймактык маселелер боюнча кеңири пикир алмашышты.

Президент Эмомали Рахмон Садыр Жапаров менен саламдашып, Кыргызстандын мамлекет башчысынын сапары тажик-кыргыз мамилелеринин туруктуу жана динамикалуу өнүгүүсүнө эки тараптын тең кызыкдарлыгын тастыктай турганын белгиледи.

Эмомали Рахмон Тажикстан Кыргыз Республикасы менен саясий диалогду чыңдоого жана мамлекеттер аралык кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи. Ал маселелердин кеңири чөйрөсү карала турганын ырастады.

«Бүгүн кабыл алына турган чечимдер алакаларыбыздын, достугубуздун жана ынак коңшулаштыгыбыздын негизин бекемдөөгө, сапаттык жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган. Бүгүн биз биргелешкен ишибиздин жыйынтыгын гана бекемдебестен, бул багыттагы мындан аркы аракеттердин нугун аныктайбыз деп ишенем», — деди Тажикстандын президенти.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров Тажикстандын президентине жылуу жана меймандостукта кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Эмомали Рахмон менен болгон тар форматтагы жолугушууда кыргыз-тажик кызматташтыгынын негизги актуалдуу маселелери талкууланганын белгилеп өттү.

Садыр Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын юридикалык тариздөө аяктагандан кийин эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизги күн тартиби, биринчи кезекте, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү болуп саналарын өзгөчө белгиледи.

Кыргызстандын президенти активдүү саясий диалогду улантуу кыргыз-тажик ынак коңшулук мамилелерин өнүктүрүүнүн жана элдердин ортосундагы ишенимди бекемдөөнүн эң маанилүү шарты экенин баса көрсөттү.

«Биз азыр кеңири багыттарды камтый турган толук форматтагы эки тараптуу кызматташтыкты баштоонун алдында турабыз», — деп канааттануу менен белгиледи президент Садыр Жапаров.

Бул контекстте Садыр Жапаров мамлекеттер аралык кызматташтыктын бардык механизмдерин, анын ичинде азыркы колдонулуп жаткан жана жаңыдан түзүлө тургандарын толук ишке киргизүүнү сунуштады.

Бул үчүн төмөнкүлөр сунушталат:

— мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Жогорку мамлекеттер аралык координациялык кеңешинин ишин жандандыруу;

— эки өлкөнүн парламенттеринин достук депутаттык топторунун жана тармактык комитеттеринин катышуусунда парламенттер аралык механизмди түзүү;

— Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин улантуу;

— Чек арага чектеш облустардын ортосунда туруктуу иштеген кызматташтык механизмин, Форум же Региондор кеңеши түрүндө түзүү.

Ал иш сапардын алкагында эки өлкөнүн бизнес-түзүмдөрүнүн ортосунда бизнес-форум өткөрүү жана өз ара пайдалуу келишимдерге кол коюу соода-экономикалык кооперацияны өнүктүрүүнүн жаңы келечегин ачарын белгиледи.

Мамлекет башчысы эки өлкөнүн чек ара аймактарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү активдештирүү чек ара соодасын өнүктүрүүгө гана эмес, маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө да багытталышы керектигин айтты.

«Кыргызстан менен Тажикстандын маданият жана искусство ишмерлеринин катышуусундагы «Түбөлүк достук» концерти сыяктуу биргелешкен иш-чараларды өткөрүү эки өлкөнүн элинин жакындашуусуна кошумча түрткү берет», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент өз ара түшүнүшүүнү жана жакын коңшулаштыкты тереңдетүүгө өбөлгө түзгөн биргелешкен көргөзмөлөрдү, чыгармачылык форумдарды жана маданият күндөрүн уюштуруу боюнча демилгелерди колдой турганын ырастады.

Мындан тышкары, ал Кыргыз Республикасы региондун өлкөлөрү менен, биринчи кезекте тоолуу өлкө болгон Тажикстан менен тоолор багытында кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи.

Буга байланыштуу апезидент тоолуу аймактарда тоолорду туруктуу өнүктүрүүгө, инфраструктураны жакшыртууга, табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтууга жана климаттын өзгөрүшүнө каршы турууга багытталган аймактык жана глобалдык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишмердүүлүккө кызыкдарлыгын да билдирди.

Садыр Жапаров Тажикстандын президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө эки өлкөнүн чек ара аймактарынын ортосундагы кызматташтык боюнча кол коюлган документтер жана программалар биздин чек араларды достук жана ынак коңшулаштык аймактарына айландырууга мүмкүндүк берерин өзгөчө белгиледи.

«Чек аралар ачылгандан бери биз чек аралык соода жаатындагы байланыштардын акырындык менен калыбына келишин, маданий-гуманитардык алакалардын жанданышын жана жаштар саясаты жана спорт багытында активдешүүнү байкап жатабыз», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин кайрылуусу жарыяланды

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин кайрылуусу жарыяланды

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:16 29.04.2026
0

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин кайрылуусу жарыяланды. “Сиздерге мага карата козголгон кылмыш иши боюнча кайрылууга туура келип жатат. Себеби бүгүн...

Сузактагы мугалимдин окуучуга кол көтөрүшү. Министрликтен мугалимдин кызматтан бошотулганын билдиришти

Өзгөндөгү бала бакча боюнча министрлик үн катты

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:30 29.04.2026
0

Агартуу министрлиги социалдык тармактарда тараган мектепке чейинки билим берүү уюмундагы окуя боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт. 24-апрелде Өзгөн районунун Кара-Таш айылында жайгашкан...

Аксыда сел алган жолдун бир тарабы ачылды

Аксыда сел алган жолдун бир тарабы ачылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:28 29.04.2026
0

Аксы районундагы Кара-Жыгач — Кара-Суу унаа жолунун бир тарабы ачылды. Түндөгү катуу жааган жаандан улам сел жолду толук бөгөп калган....

Ташиев, Тургунбек уулу жана Зулушев ИИМде суракка алынганы маалымдалууда

Ташиев, Тургунбек уулу жана Зулушев ИИМде суракка алынганы маалымдалууда

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:29 29.04.2026
0

Кечээ, 28-апрелде УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, экс-депутат, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев...

Гүлчө шаарында селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат

Гүлчө шаарында селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:21 29.04.2026
0

28-апрелде саат 16:45 чамасында Ош облусуна караштуу Алай районунун Гүлчө шаарында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, турак үйлөрдүн жана...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин кайрылуусу жарыяланды

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин кайрылуусу жарыяланды

17:16 29.04.2026
Сузактагы мугалимдин окуучуга кол көтөрүшү. Министрликтен мугалимдин кызматтан бошотулганын билдиришти

Өзгөндөгү бала бакча боюнча министрлик үн катты

14:30 29.04.2026
Аксыда сел алган жолдун бир тарабы ачылды

Аксыда сел алган жолдун бир тарабы ачылды

14:28 29.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү