Дүйшөмбү, 16.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Садыр Жапаров Германиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

18:35 27.07.2021
0
Садыр Жапаров Германиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-июлда Германиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Моника Иверсенди анын өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Маалыматка караганда, эки тараптуу мамилелердин приоритеттүү багыттары, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өркүндөтүү чаралары жөнүндө пикир алмашуу болгон. Мамлекет башчы дагы бир жолу кыргыз элинин жана өзүнүн атынан Германиядагы суу ташкындарынын кайгылуу кесепеттерине байланыштуу көңүл айтты.

Садыр Жапаров Моника Иверсендин биргелешкен кызматташууну активдештирүүгө жана кыргыз-герман саясий диалогун өнүктүрүүгө, ошондой эле Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы каржылык жана техникалык кызматташтыкка кошкон салымын канааттануу менен белгиледи. Президент Германиянын Кыргыз Республикасынын Европадагы маанилүү өнөктөштөрүнүн бири экендигин өзгөчө белгилөө менен кыргыз тараптын мындан ары эки тараптуу кызматташууну бекемдөөгө даярдыгын билдирди. Кыргызстан Европалык Бирлик менен кызматташууда ар дайым Германиянын колдоосуна ээ болуп келген.

“Кыргыз тарап Германия менен соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар. Эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык потенциал абдан чоң. Өзгөчө санариптештирүү, айыл чарба, туризм, энергетика, тоо-кен чөйрөлөрү зор кызыгууну жаратат”, — деп кошумчалады Президент.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Германиянын саясий фонддору менен коопсуздук, региондук кызматташуу жана ошондой эле билим берүү маселелери боюнча иштешүүнү улантарын белгилеген.

Өз кезегинде Моника Иверсен Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгү жылдарында ар дайым мамлекет тарабынан колдоону сезип келгендигин баса белгиледи. Ал Кыргызстанда иштөө кызыктуу болгондугун, бирок ошол эле учурда, коронавирус инфекциясы пандемиясы маалында иштөө оңой болбогонун билдирди. Ал Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери Германия менен өнөктөш болуп келе жаткандыгына токтолду. Кийинки жылы эки өлкө дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилешет.

Моника Иверсен бүгүнкү күндө ар кыл чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө олуттуу потенциал бар, климатты жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине өзгөчө көңүл буруу керек деп эсептейт.  Германия элчиси ошондой эле соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурду.

Жыйынтыгында президент Садыр Жапаров Моника Иверсенге чың ден соолук, бакубат жашоо жана келечектеги ишине ийгиликтерди каалады.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Кыргыз жарандарын Жакынкы Чыгыштан мекенине кайтаруу боюнча иштер улантылууда

Кыргыз жарандарын Жакынкы Чыгыштан мекенине кайтаруу боюнча иштер улантылууда

Автор СЕРЕП МЕДИА
18:38 14.03.2026
1

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында министрлик тарабынан Кувейт, Бахрейн жана Катардын аймагындагы Кыргыз  жарандары Сауд Арабия Падышалыгынын Эр-Рияд шаарынан...

Депутат Сурабалдиева 8-мартка карата акция боюнча: «Менин ишмердүүлүгүм ар кандай сын-пикирлер менен дайыма коштолот»

Депутат Сурабалдиева 8-мартка карата акция боюнча: «Менин ишмердүүлүгүм ар кандай сын-пикирлер менен дайыма коштолот»

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:04 14.03.2026
0

"8-мартта аялдарды коргоо жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы бир сааттык акциядан кийин коомдо ар кандай талкуулар жаралды". Бул тууралуу депутат Эльвира Сурабалдиева соцтармактагы баракчасына...

Депутат Алиев: «Бүгүн айрым эркектер ата болгонуна карабай, балдарды тарбиялоого тийиштүү деңгээлде катышпай жатат»

Депутат Алиев: «Бүгүн айрым эркектер ата болгонуна карабай, балдарды тарбиялоого тийиштүү деңгээлде катышпай жатат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:10 14.03.2026
0

Жогорку Кеңеште жыл сайын 15-мартта белгиленүүчү Аталар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, төраганын биринчи...

Курулуш министрлиги Орто-Сай айыл аймагындагы курулуш боюнча расмий түшүндүрмө таратты

Курулуш министрлиги Орто-Сай айыл аймагындагы курулуш боюнча расмий түшүндүрмө таратты

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:23 13.03.2026
0

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы социалдык тармактарда Октябрь районуна...

Мэр Акаев адам өмүрүнө кооптуу канал жээктерин тосуу тапшырмасын берди

Мэр Акаев адам өмүрүнө кооптуу канал жээктерин тосуу тапшырмасын берди

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:08 13.03.2026
0

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Курманжан-Датка жана Манас-Ата муниципалдык аймактары аркылуу өткөн Увам жана Жекелик каналдарынын абалы менен жеринде таанышты....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү