Садыр Жапаров хет-трик жаратты. Президенттик администрация «Ден соолук» командасын жеңди

Бүгүн, 4-майда Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда «Мурас» достук мелдеши өтүп жатат. Учурда президенттик администрация менен «Ден соолук» командасы оюн көрсөтүүдө.

1-таймда президенттик администрациянын эсеп сандарын дагы Нуртазын Жетибаев ачып берди. Биринчи тайм 1:0 эсебинде аяктады.

Ал эми 2-таймдын 6-мүнөтүндө Садыр Жапаров командасына дагы бир упай алып берди. Садыр Жапаров оюндун бүтөрүнө 2 мүнөт калганда тогуздукка таамай тээп, үчүнчү голду жаратты. Көп өтпөй эле президент дагы бир голду киргизди. Ал бул оюнда 3 голду жаратты. Бул хет-трик деп аталат. Оюн 4:0 эсебинде президенттик администрациянын жеңиши менен аяктады.