Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта Жалал-Абад шаарындагы “Барселона” футбол академиясын ачты.
Аземге испаниялык “Барселона” футбол клубунун президенти Жоан Лапорта жана бул клубдун өкүлдөрү да катышты.
Футбол академиясы — бул Кыргызстандын бардык аймагындагы таланттарды табуу жана тарбиялоо максатында түзүлгөн «Барселонанын» 29-академиясы. Академия бул жерде жашап жана билим ала турган тарбиялануучулар үчүн 200 орунга ылайыкталган, аларга да чет элдик адистер сабак беришет. Мындан тышкары бул академияда 2-3 миңге жакын бала спорттук секцияларга бара алат. Кыргызстандагы Барселонанын футбол академиясы Испаниянын бирдиктүү талаптарына жооп берет.











