Президент Садыр Жапаров жана БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш кечээ, 2-июлда Ысык-Көлдү бойлото теплоходдо бейформал жолугушуу өткөрүштү.
Теплоход менен сейилдегенден кийин Садыр Жапаров менен Антониу Гутерриш “Номад” этно-комплексиндеги этномаданий программа менен таанышты. Улуттук стилде жасалгаланган боз үй шаарчасы кыргыз улуттук кол өнөрчүлүгүнүн ар түрдүүлүгүн көрсөттү. Жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн эмгектери менен таанышуу учурунда Садыр Жапаров Антониу Гутерришке кыргыз баш кийимин — ак калпакты белекке берди. Жогорку даражалуу коноктор үчүн ат оюндары, жаа атуу, тайгандар жана бүркүттөр менен мергенчилик уюштурулду. Маданий иш-чара концерттик программа менен жыйынтыкталды.
Эртең, 22-декабрда түнкүсүн тоолуу аймактарда кар жаайт, калган жерлерде жаан-чачын күтүлбөйт. Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн...
Бишкекте мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин жана шаардык кызматтардын жетекчилеринин Орто-Сай жана Аламүдүн базарларына текшерүүсү уланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти....
Бишкекте өтүп жаткан үчүнчү Элдик Курултай өз ишин аяктады. Ал 20-21-декабрда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүп, ага президент Садыр Жапаров...
"Оппозициялык маанайдагы маалымат каражаттарын чакырдык, бирок келбей коюшту. Баш тартышты десек да болот. "Азаттык" Прагадан уруксат сурайлы дептир, жыйынтыгында уруксат...