Шейшемби, 17.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Садыр Жапаров Кемпир-Абад боюнча: «1965-жылы плотинаны өзбек тарап курган. Биз бир тыйын акча салган эмеспиз»

12:25 22.10.2022
0
Садыр Жапаров Кемпир-Абад боюнча: «1965-жылы плотинаны өзбек тарап курган. Биз бир тыйын акча салган эмеспиз»

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы акыркы окуяларга байланыштуу түшүндүрмө берди.

«Биринчиден, Кемпир-Абадды биз берген жокпуз. Тескерисинче, алып жатабыз. 60-жылдардан бери плотинаны алар башкарып келишти. Эми мындан ары плотинаны башкарууда 50/50 пайыз кылып биргелешкен ишкана түзүп, чогуу башкарабыз деп келиштик. Суунун деңгээли 900 горизонттон өйдө көтөрүлүп кетпешин көзөмөлдөп туралы дедик. Көлдөн насос менен айылдарга суу тартып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Буга чейин мындай мүмкүнчүлүк жок эле.

Эми тарыхий-архивдик кагаздарга таянсак, 1965-жылы плотинаны өзбек тарап курган. Биз бир тыйын акча салган эмеспиз. Суу басып калган жерибиз үчүн ошол эле 1965-жылы 4127 гектар жерди чек аралаш жерлерден Баткенден, Оштон, Жалал-Абаддан кылып өзбектер өз жерлерин беришкен. Ошондо азыркы суу басып жаткан 4127 гектар жер ошол мезгилде эле өзбектерге өтүп жатпайбы. Чагымчылдар биз бүгүн берип жаткандай кылып кыйкырып атышат. Биз кыргыз тарап ал жерлерди үй салып, талаачылык кылып азыркыга чейин иштетип келе жатабыз. Буга архивдик документтер күбө.

Мисалы, алар берген жерлерге кайсы айылдарыбыз курулганын айтып берейин.

  • Кадамжай районунун Көк талаа айылы 758 гектар жерге курулган.
  • Пылдырак айылы 255 гектар жерге курулган.
  • Араван районундагы Найман айылы 148 гектар жерге курулган.
  • Ноокен районунун Достук айылы 1088 гектар жерге курулган.
  • Аксы районунда аэропорт 446 гектар жерге курулган.
  • Жетиген айылы 75 гектар жерге курулган.
  • Падыша-Ата-Сай 5 гектар жерди ээлеп турат.
  • Кара-Дөбө 45 гектар жерге салынган.
  • Ала-Букадагы Ажек-Тоого 1307 гектар жер берилген.

Кыскасы, жалпысынан 4127 гектар жерди Өзбекстан тарап 1965-жылы бизге беришкен. Эки өлкөнүн ортосундагы келишимдери, карталары жана башка бизге өткөрүп берген бардык архивдик документтери турат.

Мына бүгүн ошол өзбектер берген жерлерди биздин жогоруда аталган айылдар ээлеп турат. Анан эле азыр саясат кылып, «Кемпир-Абадды берип жиберип атышат» деп, биз бүгүн берип жаткандай кылып айтып жатышат. Бул — акмакчылык.

Биз азыр эмне кылдык? 1965-жылы суунун горизонту 908 деп бекиген экен. Эгер бүгүн суунун деңгээлин 908 горизонтко чыгарып алышса, анда 5731 гектар жерди суу басып калат. Биз суунун горизонтун 900гө түшүрдүк. Эми 5731 гектар жерди эмес, 4400 гектардан ашыгыраак жерди суу басат. Кошуналар 4127 гектар жерди 1965-жылы беришти да. Ошондо ортодо дагы 300 гектардан ашыгыраак жер айырма болуп калды. Биз бүгүн ушул 300 гектар жер үчүн 1000 гектар жер алып атабыз. 500 гектар Өзгөндүн аймагынан, 500 гектар Сузактын аймагынан. Мындан сырткары, суу тартылганда жээгинен 1246 гектар жер бошоп толугу менен бизге өтүп жатат.

Калган талаш болуп келген жерлердин дээрлик баары бизге өттү. Муну азырынча мен айтпай турайын. Жогорку Кеңеште карала баштаганда күбө болосуздар. Ачык каралат. Түз эфир болот. Ошондо азыркы бир күндүк жеке кызыкчылыгы үчүн өзүн пиар кылып жүргөндөр катуу уят болушат. Элдин 99,9 пайызы бизди колдооруна мен бөркүмдөй ишенем. Бир күндү эмес, 50-100 жылды алдын ала көрө билип, туура жол менен кетип бара жатканыбызга күбө болосуздар. Биз бир эле Өзгөн менен чек ара маселесин чечип жатканыбыз жок. Эки өлкөнүн ортосундагы 1400 километрден ашык узундуктагы чек арабызды чечип атабыз. Биринчи орунда жалпы мамлекеттин кызыкчылыгы туруш керек.

Чагымчылдар ушуну түшүнүп туруп эле элди тескери жакка бурганга аракет жасап жүрүшөт. Канча жолу аларга түшүндүрдүк, түшүнүп туруп эле түшүнгүсү келбейт экен. Аларга эптеп эле чыр чыгарып, өлкөгө бүлүк салыш максат экен. Биз андайга жол бербейбиз. Демократия десе эле аша чаап бара жатышат.

Тобо дешибиз керек. Элибиз чагымчылдарды ээрчип кетпей баарын туура түшүнүп турушат. Митингдерди, кечээгидей жөө жүрүштөрдү уюштурууга кайдан, кимден акча каражат алып келип жатканын дагы билебиз.

Ушул жерден дагы бир нерсени баса белгилей кетейин. Чагымчылдар айласы кеткенде акыркы бир сунуш айтып атпайбы. «Суу кургап кетсе, суунун астындагы жер бизге калыш керек. Келишимге ошентип жаздырып койгула» дешет. Антип жаздырып койсок, биз келечек муунду илинчекке илип коюп кеткен болобуз. Азыркы тактап жаткан келишимдер кайра бузулуп, бүгүнкү акыбалга кайтып келет. Накта чыр ошондо чыгат. Ошондуктан, чагымчылдардын жетегине алдырбай, жаңылыштык кетирбей бүгүнкү келишим менен чек араларыбызга чекитти коюп алышыбыз керек. Биз бир күндү эмес, 100 жылды алдын ала көрө билип атабыз.

Ал жерди 70 жылдан бери суу басып жатат. Дагы 100 жыл басат. Суу түгөнсө адамзаттын жашоосу дагы түгөнөт. Макул 100 жылдан кийин суу кургап кетип жер бошоду дейли. Ошондо деле суу астынан бошогон 4000 гектар жерди өзгөндүктөр алгысы келсе башка жерден 4000 гектар берип теңме-тең алмашып алсак болот, айланайын деп эле алмашат. Себеби суу астында жаткан кум менен таш баскан сайдан көрө ким болбосун түз жерди алууну каалайт да. Дагы кандай түшүндүрүшүм керек? Биз кошуналарыбыз менен ынтымакта жашашыбыз керек.

Түбөлүк ынтымакта, достукта жашайлы, бири-бирибизге керек болгон учурда жардам беришели деп Чолпон-Ата саммитинде келишимге кол коюштук. Биздин жакшы мамилелерибиз түбөлүк сакталыш керек. Анткени түбөлүк кошуна жашайбыз. Чек арага чекитти коюп алсак, достугубуз түбөлүк сакталат. Кандай гана маселелер болбосун бири-бирибиз менен сүйлөшүүлөр, макулдашуулар жолу менен гана эки тараптуу маселелер чечилип турат.

Чек араларыбыздын такталбагандыгынын кесепетинен чек арада кичине эле чыр чыкса, аскерлерибиз, жөнөкөй жарандарыбыз каза болуп кетип жатышат. Масштабдуу болуп кеткенден Кудай өзү сактасын. Ошондуктан, чек арага чекит коюшубуз керек!

Өзбекстан менен бүткөндөн кийин, Тажикстан менен дагы сүйлөшүү жолдору менен чек ара маселесин бүтүрөбүз», — деди өлкө башчы.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Жогорку Кеңештеги 5 кресло эмнеге бош турат?

Жогорку Кеңештеги 5 кресло эмнеге бош турат?

Автор Эдита Ильясова
17:43 17.03.2026
0

Соңку күндөрү Куванычбек Конгантиев, Курманкул Зулушев, Шаирбек Ташиев, Нурланбек Азыгалиев, Гүлсүнкан Жунушалиева депутаттык мандатын тапшырышты. Учурда алардын Жогорку Кеңештеги креслосу...

Аксы окуясында курман болгондор эскерилди

Аксы окуясында курман болгондор эскерилди

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:32 17.03.2026
0

Бүгүн, 17-мартта Аксы районунун Кербен шаарына караштуу Боспиек айылындагы “Шейит мазарында” 2002-жылы болгон кайгылуу окуяда курман болгон жарандарды эскерүү иш-чарасы...

Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринен Кыргызстанга өз алдынча кайтып келген жарандардын жалпы саны 3000ден ашты

Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринен Кыргызстанга өз алдынча кайтып келген жарандардын жалпы саны 3000ден ашты

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:34 17.03.2026
0

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруунун алкагында 14-мартта Кувейт, Бахрейн жана Катардан төртүнчү атайын эвакуациялык авиарейс менен Кыргыз Республикасынын 142 жараны...

20-мартта Айт намаз мечиттерде окулат

20-мартта Айт намаз мечиттерде окулат

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:29 17.03.2026
1

20-март Орозо айт майрамы деп белгиленгендиктен, Айт намазы жума мечиттерде төмөнкүдөй программанын негизинде өткөрүлөт. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты. Айт намазын...

1-апрелден тарта «Дордой» базарынын аймагында жолдорду куруу иштери башталары маалымдалды

1-апрелден тарта «Дордой» базарынын аймагында жолдорду куруу иштери башталары маалымдалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:26 17.03.2026
0

16-мартта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Дордой» ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Дордой базарынын ичиндеги инфратүзүмдү...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Июль айынан тартып Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча жумасына үч жолу учуп баштайт

Июль айынан тартып Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча жумасына үч жолу учуп баштайт

08:09 17.03.2026
20-мартта Айт намаз мечиттерде окулат

20-мартта Айт намаз мечиттерде окулат

08:29 17.03.2026
Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринен Кыргызстанга өз алдынча кайтып келген жарандардын жалпы саны 3000ден ашты

Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринен Кыргызстанга өз алдынча кайтып келген жарандардын жалпы саны 3000ден ашты

08:34 17.03.2026
Июль айынан тартып Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча жумасына үч жолу учуп баштайт

Июль айынан тартып Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча жумасына үч жолу учуп баштайт

1
20-мартта Айт намаз мечиттерде окулат

20-мартта Айт намаз мечиттерде окулат

1
Нурдан Орунтаев: «Президент Оштогу курулуштун баарын аягына чыгарууну тапшырды»

Нурдан Орунтаев: "Президент Оштогу курулуштун баарын аягына чыгарууну тапшырды"

18:49 17.03.2026
«Кыргызнефтегаз» ААКта коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголду

«Кыргызнефтегаз» ААКта коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголду

18:41 17.03.2026
Жогорку Кеңештеги 5 кресло эмнеге бош турат?

Жогорку Кеңештеги 5 кресло эмнеге бош турат?

17:43 17.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү