Кечээ, 4-августта кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болду. Ал эми спортчубузду сүрөгөн күйөрмандарды «Ала-Тоо» аянтындагы чоң экран бириктирди. Аянтка Тыныбекованы колдоо үчүн аткаминерлер да барышты.
Ал эми президент Садыр Жапаров спортчунун беттешин биринчи айым Айгүл Жапарова менен биргеликте көргөн. Тактап айтканда, экөөнүн Айсулуу Тыныбековага жан үрөп жаткандагы видеосу Интернетке тарады. Беттеш аяктаган соң президент спортчу менен байланышып, күмүш медалы үчүн куттуктады.