Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев Бишкекте достук сейил багын ачышты (сүрөт)
11-октябрда Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз-Азербайжан достук сейил багынын ачылышы болду.
Сейил бактын ачылыш аземине Садыр Жапаров жана Ильхам Алиев катышты.
Чогулгандар алдында сүйлөп жатып, Садыр Жапаров коноктор менен учурашып, бүгүнкү иш-чара – “Кыргызстан-Азербайжан” достук сейил багынын ачылышы эки өлкөнүн достук мамилелеринин жана эки бир тууган элдин тарыхый байланыштарынын саясий, экономикалык эле эмес, маданий-гуманитардык кызматташтыкта да чыңдалгандыгынын ачык жана айкын далили экенин белгиледи.
Садыр Жапаров кыргыз тарап бир тууган Азербайжан менен мезгилдин сыноосунан өткөн стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи.
Шаардыктарды “Кыргызстан менен Азербайжандын достугу” сейил багынын ачылышы менен куттуктап, ал Азербайжандын президенти Ильхам Алиевге жана анын командасына Бишкектин чыныгы асыл ташына айланып, бишкектиктер убактыларын ырахат менен өткөрө турган бул кооз сейил бактын курулушуна көрсөткөн жардамы жана көмөгү үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирди.
“Биздин эки тараптуу каалообуз кыска убакыттын ичинде бул кооз реалдуулукта кандайча чагылдырылганын көрүү абдан жагымдуу. Биздин азербайжандык досторубузга Кыргызстанда көңүл ачууну, түгөнгүс күч-кубатты жана өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин кызыкчылыгы жана жыргалчылыгы үчүн чоң ийгиликтерди каалайм!”, - деп сөзүн жыйынтыктады Садыр Жапаров.
Өз кезегинде Азербайжандын президенти Ильхам Алиев бул бактын ачылышынын символикалык мааниси бар экенин белгиледи. Ал Азербайжанга карата мындай мамиле үчүн азербайжан элинин атынан ыраазычылык билдирди. “Бул сейил бакта биз президент Садыр Жапаровдун шаарды өнүктүрүү, борбордун жашоочуларына, ошондой эле Кыргызстандын башка шаарларынын жана айылдарынын тургундарына ыңгайлуу, жакшы шарттарды түзүү боюнча пландарын да көрүп турабыз”, - деди ал.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="141766,141767,141768,141769,141770,141771,141772"]