Садыр Жапаров оору азая баштаганын айтып, коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды

Президент Садыр Жапаров оору азая баштаганын айтып, коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырды. Ал бул тууралуу соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Бүгүн 46 адамда COVID-19 аныкталды, үчөө каза болду. Баары эмдөөдөн өтпөгөндөр экен. Вакцина алыңыздар. Бүгүнкү күндө 1 миллион 16 миң жараныбыз эмдөөдөн өтүштү. Эмдөөнүн аркасында оору азая баштады», — деп жазды ал.