Садыр Жапаров: «Спорттун түрлөрүнүн ичинен кыргыз футболу өзүнүн жүз жылдан ашуун тарыхы менен белгилүү»

“Өзүбүздүн мамлекеттүүлүк тарыхыбызга ээ болуу менен, жүз жылдык чекти басып өткөн улуттук футболдун да тарыхы бар экендиги кубандырат”, — деди президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карата кыргыз футболунун ардагерлеринин курамасы жана советтик футболдун ардагерлеринин курамасынын ортосундагы жолдошттук беттешти ачып жатып.

“Заман шарттарына ылайык, жасалып жаткан күч-аракеттердин негизинде ири долбоорлор ишке ашырылып, дагы бир топ иш-пландарыбыз алдыда турат. Өлкөнүн башка тармактары менен катар эле спорт тармагы дагы мамлекеттин колдоосуна ээ болуп, өз натыйжаларын берип баштаган убак.

Спорттун түрлөрүнүн ичинен кыргыз футболу өзүнүн жүз жылдан ашуун тарыхы менен белгилүү. Ошол бир кылымдык мезгилди башынан өткөргөн кыргыз футболу бүгүнкү күндө көптөгөн кыргызстандыктардын сүйүктүү спортуна айланды”, — деди ал.

Садыр Жапаров ардагерлердин талбаган эмгегинин натыйжасында бүгүнкү күндө кыргыз футболу коомчулукка кеңири жайылып, региондо ийгиликтерди жаратып келе жатканын белгиледи.

Футбол боюнча улуттук курама командабыз экинчи ирет Азия Кубогуна чыгып олтурат. Албетте, мына бүгүнкү футболдук иш-чарага келген күйөрмандар менен бирге биз дагы курама командабыздын албан-албан ийгиликтерди жаратарына ишеним артабыз. 

Мындан туура 38 жыл мурун, 1984-жылы мен ушул стадиондо “Алга” командасына күйөрман болуп келгем. Бала кезимде футбол күйөрманы болчумун. Мен СССРдин курама командасына жан тартар элем. Тагдыр бүгүн бизди футбол легендалары менен жолугуштурууда. Бул мен үчүн чоң сыймык”, — деди өлкө башчысы.