Шейшемби, 23.12.2025
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Садыр Жапаров: «Тарыхта кыргыз-орус элдеринин ортосундагы мамилелерде эч качан бири-биринен алыстап кетүүгө өбөлгө түзгөн көйгөйлөр жаралган эмес»

13:36 19.02.2021
0
Садыр Жапаров: «Тарыхта кыргыз-орус элдеринин ортосундагы мамилелерде эч качан бири-биринен алыстап кетүүгө өбөлгө түзгөн көйгөйлөр жаралган эмес»

Өкмөттүк «Слово Кыргызстана» гезитинин бүгүнкү, 19-февралдагы санына президент Садыр Жапаровдун «Союздук байланыштар. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Россиянын байланыштары тууралуу» макаласы жарыяланды.

Макалада Кыргызстан менен Орусиянын элдерин бириктирип турган байланыштар, орус тилинин орду, эки өлкөнүн биргелешип кызматташуусунун келечеги жөнүндө жазылган.

Макаланын тексти (президенттин басма сөз кызматынын котормосу):

«Кыргызстан менен Орусия элдеринин кылымдардан берки маданий жана тарыхый байланыштарында жалпылыктар көп.

19-кылымда кыргыздардын Орусияга кошулуусу бир эл болуп биригүүгө өбөлгө болуп, анын андан ары өнүгүшүнүн багытын түптөгөн.

Улуу Октябрь революциясы дээрлик жоголуп бараткан кыргыз жазмасын жаңыдан түзүүгө чоң түрткү берди. Академиктер К.Юдахин, К.Скрябин, М.Лущихин жана башкалар сыяктуу орус окумуштууларынын бүтүндөй бир тобу илим жана билимдин түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө баа жеткис салым кошушкан. Бул жаңы маданий жана тарыхый бир топтун — кыргыз интеллигенциясынын пайда болушун шарттады. Кыргыздын көрүнүктүү илимпоздору, искусство жана маданият ишмерлеринин баары Москва жана Ленинграддын жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү. Орусиянын жардамы менен бир тууган союздук республикалардын алкагында улуттук мамлекеттүүлүктүн негиздери бышып жетилди.

Көп жылдар бою Кыргызстан Орусия менен эриш-аркак өнүктү. Бул урагыс байланыштардын бир жагынан байыркы, бир жагынан жаш мамлекеттүүлүгүбүздүн материалдык жана руханий пайдубалынын түптөлүшүндө тарыхый жактан ээлеген орду чоң.

Орус тили — заманбап адабиятты жана маданиятты түшүнүүдө чексиз мүмкүнчүлүктөрдү ачкан байланыштын куралы. Биз негизги маалыматтарды орус тилинде алабыз. Ошол эле учурда мамлекеттик тилибиздин өнүгүшүндө бир топ жылыштар байкалды — жаштар, ырчылар, актерлор кыргыз тилинде сүйлөп, мыйзамдар жазылууда. Кыргыз тили орус тилине кедергисин тийгизбей өнүгүшү керек.

Орус тили расмий тил гана эмес, өлкөдөгү улуттар аралык баарлашуунун тили. Ал мыйзамдык жактан жакшы корголгон, анын макамы Конституцияда белгиленген. Мен президент жана жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин кепилдиги катары, бул маселедеги саясий манипуляциялоо аракеттерине чечкиндүү каршы турам.

Ошону менен бирге чет тилдерди, айрыкча, англис тилин кошумча үйрөнүү бүгүнкү күндүн талабы экенин белгилегим келет. Азыркы жаштар эки же андан ашык чет тилде сүйлөп, коомдо жакшы тенденция түзүлдү. Англис тили дагы эл аралык баарлашуунун тили болгондуктан, мен жаш муундун өкүлдөрүн чет тилдерди тереңдетип окууга чакырам.

2020-жыл Орусия менен Кыргызстандын эриш-аркак жылы деп жарыяланган. Ал эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө дагы бир стимул болду. Анын программасына 200дөн ашуун иш-чаралардын тизмеси кирип, эки тараптуу өз ара кызматташууну активдештирүү жана биздин өлкөлөрдүн жарандарынын ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүү максаттарын көздөйт.

Тилекке каршы биздин биргелешкен пландарга пандемия күтүүсүздөн түзөтүүлөрдү киргизип, мерчемделгендердин баары эле ишке ашкан жок. Эриш-аркак жылынын салтанаттуу ачылышын гана өткөрүүгө жетиштик, бирок айрым иш-чараларды кайрадан түзүүгө туура келди. Орусиянын Кыргызстандагы күнү жана Кыргызстандын Орусиядагы Эгемендүүлүк күнү онлайн режимде өткөрүлдү.

Көп улуттуу Кыргызстандын элинин атынан мен эриш-аркак жылынын мөөнөтүн узартууну сунуш кылам. Бул боюнча Орусиянын жетекчилигинен колдоо табарыма ишенем.

Кыргызстан үчүн Орусиянын орду жана ролу жөнүндөгү маселе теориялык эмес, практикалык мүнөздө экендигин баса белгилегим келет. Тыгыз кызматташуу кызыкчылыгы негизинен биздин улуттук кызыкчылыктарга багытталат. Алар, маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгын мындан ары чыңдоо, коопсуздукту камсыз кылуу, улуттар аралык тынчтыкты жана ынтымакты сактоо, өлкөдөгү руханий жана гуманитардык тармактардын өнүгүшүнө түрткү берүү менен байланыштуу.

Тарыхта кыргыз-орус элдеринин ортосундагы мамилелерде эч качан бири-биринен алыстап кетүүгө өбөлгө түзгөн көйгөйлөр жаралган эмес. Орусия менен болгон алакаларды союздук жана стратегиялык өнөктөштүктүн эң жогорку деңгээлине жеткирүү багыты Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына жооп берет. Кызматташтыкты чыңдоонун башка бир жолу жок экендигине ишенебиз жана республиканын тышкы саясатында бул багыт негизги орунду ээлейт.

Орусия өзүнүн кубаттуулугу жана интеграциялык долбоорлору менен мамлекеттик чек арасын бойлото тынчтыкты камсыз кылып, айланасында жигердүү өнүгүп жаткан аймакты түптөөдө.

Алдыда боло турган иш сапар биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелерди бекемдөөгө жана өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактар боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деп ишенем».

БөлүшүүБөлүшүү1TweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

24-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

24-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Автор Эдита Ильясова
17:48 23.12.2025
0

Эртең, 24-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусутүнкүсүн...

Депутат «Министрлер кабинети» деп айта албай койду (видео)

Депутат «Министрлер кабинети» деп айта албай койду (видео)

Автор Эдита Ильясова
16:43 23.12.2025
0

Бүгүн, 23-декабрдагы Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен отурумунда депутат Медер Чотонов "Министрлер кабинети" деген сөздү айта албай койду. Ал Таластан шайланып...

Мас абалында унаа айдап кармалган мурдагы министр айдоочулук күбөлүгүнөн ажырады

Мас абалында унаа айдап кармалган мурдагы министр айдоочулук күбөлүгүнөн ажырады

Автор Эдита Ильясова
15:53 23.12.2025
0

Аламүдүн райондук соту мурдагы Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозовго карата чечим чыгарды. Бул тууралуу Чүй облустук...

Бишкектин Киев жана Токтогул көчөлөрүндө бир тараптуу жол кыймылы киргизилет

Бишкектин Киев жана Токтогул көчөлөрүндө бир тараптуу жол кыймылы киргизилет

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:57 23.12.2025
0

Бишкек шаарынын мэриясы Чүй проспектисинин ачылышына байланыштуу жакынкы күндөрү Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн Ибраимов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгүндө бир...

Касымалиев: «Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүшү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди»

Касымалиев: «Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүшү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди»

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:40 23.12.2025
0

2024-жылдын акырына карата Кыргыз Республикасынын экономикасы туруктуу жана тездетилген өсүштү көрсөттү. ИДПнын реалдуу өсүшү 11,5% түзүп, баштапкы болжолдонгон 9%ды түздү....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Социалдык фонд: «2026-жылы пенсияны көтөргөнгө аракет кылабыз»

Социалдык фонд: "2026-жылы пенсияны көтөргөнгө аракет кылабыз"

12:13 23.12.2025
Депутат «Министрлер кабинети» деп айта албай койду (видео)

Депутат "Министрлер кабинети" деп айта албай койду (видео)

16:43 23.12.2025
1-апрелден тарта кимдердин айлык акысы канчага жогорулайт?

1-апрелден тарта кимдердин айлык акысы канчага жогорулайт?

11:44 23.12.2025
24-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

24-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

17:48 23.12.2025
Депутат «Министрлер кабинети» деп айта албай койду (видео)

Депутат "Министрлер кабинети" деп айта албай койду (видео)

16:43 23.12.2025
Мас абалында унаа айдап кармалган мурдагы министр айдоочулук күбөлүгүнөн ажырады

Мас абалында унаа айдап кармалган мурдагы министр айдоочулук күбөлүгүнөн ажырады

15:53 23.12.2025

АРХИВ

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
« Ноя    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү