Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн алдын тазалоо иштери жүрүп жаткан видео менен бөлүшүп, кыргызстандыктарга кайрылды.
«Урматтуу кыргызстандыктар! Мынчалык кайдыгер болбогулачы. Эки айдан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тазалап бүтө албай жатышат. Таза болуу өзүбүздөн го акыры. Неге мынча кайдыгербиз? Өзүбүз булгайбыз дагы анан бийликтен тазалыкты балакеттей талап кылабыз.