Садыр Жапаровдун Айт намазга кийип келген курткасы элдин көзүнө түштү

Президент Садыр Жапаровдун кийген кийими дайыма коомчулуктун көңүлүн буруп, анын маркасы жана баасынан өйдө талкууга түшүп, өзү да комментарий берип калган жайы бар.

Бул сапар кечээ, 2-майда Айт намазга кийип келген курткасы элдин көзүнө түштү. Ал италиялык Paul&Shark брендине таандык болушу ыктымал жана анын баасы 1014 евро (87 миң сомдон ашуун) турат. Бул тууралуу Фактчек басылмасы жазып чыкты. Куртка жумшак баркыт териси менен меринос породасындагы койдун жүнүнөн жасалгандыгы айтылган.