«Акыркы убакта ар кандай кызматтык адамдардын атын жамынып, шылуундар жарандарга телефон чалып, президенттин катышуусунда делген иш-чараларга чакырып жатышат». Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
«Андан ары ишенимге кирип, алдоо жолу менен акча талап кылышууда. Жарандарды сак болуп, шылуундардын аракеттерине алдырбоону жана мындай көрүнүштөргө туш болгондо укук коргоо органдарына кайрылууну суранабыз», — деп айтылат маалыматта.











