Жума, 13.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Садыр Жапаровдун Жалал-Абад жана Ош облустарына болгон жумушчу сапары аяктады

16:14 31.07.2023
0
Садыр Жапаровдун Жалал-Абад жана Ош облустарына болгон жумушчу сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун 27-31-июль күндөрүндө Жалал-Абад, Ош облустарына жана Ош шаарына болгон жумушчу сапары аяктады.

Мамлекет башчысы жумушчу сапарынын алгачкы күнүндө Жалал-Абад шаарында жаңы Сот адилеттиги үйүн ачты. Ал өлкө боюнча экинчи Сот адилеттиги үйү болуп калды. Бул жерде сот системасынын бир нече органдары жайгаштырылат, мындан улам чыгымдар олуттуу кыскарат жана чечимдерди кабыл алуунун ыкчамдуулугу жогорулайт. Үстүбүздөгү жылдын март айынын башында ушундай Сот адилеттиги үйү Каракол шаарында ачылган.

Андан ары Жапаров Ош шаарына барды. Төрт жаңы суу резервуарынын курулушунун жүрүшү менен таанышып, шаардыктарды бир айдын ичинде таза суу менен толук камсыз кылуу маселесин чечүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, Ош шаарында Мамлекет башчысы 1961-жылы курулган, ошондон бери биринчи жолу капиталдык реконструкциялоо жүргүзүлүп жаткан Ахматбек Сүйүмбаев атындагы стадиондогу оңдоп-түзөө иштери менен таанышты. Кошумча каражат бөлүп, жакынкы аралыкта стадионду реконструкциялоону толук аяктоо тапшырмасы берилди.

Ош облусундагы жумушчу сапарынын экинчи күнүндө президент Алай районундагы Түштүк-Батыш бажысынын «Иркештам» авто өткөрмө пунктунун иши менен таанышты. Бул жерде жалпы узундугу 3,4 чакырымды түзгөн төрт тилкелүү жолдун курулушу жүрүп жатат, ал ушул жылдын май айында Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда Меморандумга кол коюлгандан кийин башталган. Долбоордун алкагында ошондой эле узундугу 187 метр эстакадалык көпүрө куруу жана көмүр ташуу үчүн ленталык конвейер орнотуу каралган. Долбоордун аякташы менен Кыргызстандан Кытайга ленталык конвейер аркылуу көмүр жеткирүүгө жана өткөрүү пунктундагы жүктү жеңилдетүүгө мүмкүнчүлүк жаралат. Ошого жараша чек ара аркылуу товар агымын кыйла көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мындан улам Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына чейин «Иркештам» автоунаа өткөрмө пунктун толугу менен модернизациялоо, аймагын кеңейтүү, кошумча тилкелерди куруу жана анын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн бир нече эсеге жогорулатуу максатында бажы инфратүзүмүн иретке келтирүү тапшырмасын берди.

Ошол эле күнү кечинде мамлекет башчысы профессионал мушкер, бокс боюнча 2023-жылдагы дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси Мунарбек Сейитбек уулу менен жолугушуп, ага Ош шаарынан эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Мунарбек Сейитбек уулу өлкөнүн эгемендүүлүк жылдарында бокс боюнча дүйнө чемпионатында биринчи жолу байгелүү орун алган мушкер болуп калды.

Ошондой эле, президент жумушчу сапарынын алкагында УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын жаңы имаратын ачып, Ош облустук “Төлөйкөн” ипподромун капиталдык реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Ошону менен бирге Ош шаарындагы А.Мырсабеков атындагы мамлекеттик педагогикалык университеттин жаңы имаратынын курулушун бүткөрүү тапшырды. Мындан сырткары Кара-Суу районунда курулуп жаткан “ЕвроАзия ГРУПП” индустриалдык-логистикалык паркында болду.

Мамлекет башчы Жалал-Абад, Ош облустарына жана Ош шаарына болгон жумушчу сапарын жыйынтыктаган соң Бишкек шаарына кайтып келди.

 

1 / 6
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө

БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө

Автор Эдита Ильясова
17:02 12.03.2026
0

Климаттын өзгөрүшү — бүгүнкү күндүн эң олуттуу глобалдык көйгөйлөрүнүн бири. Анын кесепеттери дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө байкалууда. Казылып алынуучу отундарды колдонуу...

Предметке карабайт… Бардык мугалимдердин айлыгы 100 пайызга жогорулайт

Предметке карабайт… Бардык мугалимдердин айлыгы 100 пайызга жогорулайт

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:51 11.03.2026
0

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана колдоосу менен 2026-жылдын 1-апрелинен тартып билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгек акысы учурдагы деңгээлден 100 пайызга...

Бишкек-Ош жолу ачылды

Бишкек-Ош жолу ачылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:55 11.03.2026
0

Бишкек-Ош автожолуна түшкɵн кар кɵчкү саат 11:30да толугу менен тазаланып, эки тараптуу каттам камсыздалды. Учурда Арал постунан киргизилген оор жүк...

Ала-Белде кар көчкү түшүп, Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылды

Ала-Белде кар көчкү түшүп, Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:36 11.03.2026
0

Бүгүн, 11-мартта таңкы саат 6:50дɵ Бишкек-Ош авто жолунун 224-чакырымында Ала-Бел ашуусунда кар кɵчкү түштү. Бардык авто унаалар үчүн каттам убактылуу...

Орозо айт майрамы 20-мартта белгиленет

Орозо айт майрамы 20-мартта белгиленет

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:58 10.03.2026
0

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2026-жылдын Орозо айт майрамы 20-март күнүнө дал келерин маалымдайт. Бул чечим ТМУга мүчө-өлкөлөрүнүн муфтияттарынын алдындагы фатва...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Бийликти каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган посттор… ИИМ журналист камакка алынганын билдирди

Бийликти каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган посттор... ИИМ журналист камакка алынганын билдирди

09:27 12.03.2026
БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө

БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө

17:02 12.03.2026
«УКМК тарабынан кармалды, арыз жазам деп коркуткан». Бишкекте 50 миң доллар талап кылууга шектүү кармалды

"УКМК тарабынан кармалды, арыз жазам деп коркуткан". Бишкекте 50 миң доллар талап кылууга шектүү кармалды

09:37 12.03.2026
БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө

БУУӨП жана Агартуу министрлиги өлкөнүн мектептеринде климаттык билим берүүнү өнүктүрүүдө

17:02 12.03.2026
Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды

Кара-Балтада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды

10:15 12.03.2026
Бишкекте кайгуул кызматкерлери зордуктоо кылмышына шектелген жүк ташуучу унаанын айдоочусун кармашты

Бишкекте кайгуул кызматкерлери зордуктоо кылмышына шектелген жүк ташуучу унаанын айдоочусун кармашты

09:42 12.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү