Шейшемби, 03.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Садыр Жапаровдун Жеңиш күнүнө карата куттуктоосу

10:22 09.05.2025
0
Садыр Жапаровдун Жеңиш күнүнө карата куттуктоосу

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Улуу Ата Мекендик согуштун ардактууардагерлери жана кымбаттуу оорук эмгекчилери!

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин жалпы журтчулугу! Бүгүн, 9-майда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин калкы, мурдагы антифашисттик коалициянын бардык өлкөлөрү, бүткүл прогрессивдүү адамзат үчүн маанилүү күндү – Совет элинин Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңишинин 80 жылдыгын чоң салтанат менен белгилеп жатат.

Биз 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы орду толгус жоготууларды терең кайгыруу менен эскерип, ал эми фашизмди ойрондогон Улуу Жеңишке абдан чоӊ сыймыктануу менен карайбыз.

Мына ошол кан күйгөн фронтто өлүмгө тике карап салгылашкан, согуш учурунда ооруктун болуп көрбөгөндөй оор сыноолорун башынан өткөргөн жүз миӊдеген кыргызстандыктар бар. Кан майдандагы жоокерлерибиздин майтарылгыс кайрат-күчү, тайманбастыгы, ооруктагы жумушчуларыбыздын: аялдар менен балдардын бекем эрки, өжөрлүгү Улуу Жеңишке жетүүгө чоң салым кошту. Алардын кылган эмгегин, кайтпас демин эч нерсе менен салыштырып баалоого болбойт!

1945-жылдын май айындагы Улуу Жеӊишти бирдиктүү Советтер Союзунун бардык элдери камсыз кылган. Демек, бул – орток жеңиш, баарыбыздын жеңишибиз!

Улуу Ата Мекендик согуш бүткүл совет эли үчүн унутулгус трагедия болсо, андагы Жеңиш биздин элдерибиздин улуу биримдигинин, күжүрмөндүгүнүн символу болуп бүгүнкү күнгө чейин жашап келди, мындан ары да жашай берет.

Биз, кыргызстандыктар, ата-бабаларыбыздын эң алды тынчтык үчүн, мекенди коргоо үчүн мурдагы союздун бардык эли менен ийиндеше салгылашкандыгына сыймыктанабыз.

Улуу Ата Мекендик согушка катышкан бардык жоокер – аталарыбыз, апаларыбыз бүткүл дүйнө жүзүнө баатырдыктын өрнөгүн жана аскердик ыйык милдетке бекемдиктин, ошондой эле өз элине берилгендиктин болуп көрбөгөндөй бийик өрнөгүн көрсөтүштү. Алардын келечек муун үчүн Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн эрдиги, керек болсо, кашык каны калганча күрөшкөн каармандыгы дүйнөлүк согуш тарыхында эч качан болгон эмес. Ылайым, андай согуш кайталанбасын!

Биз ар жылы Жеңиш күнүндө эркиндик, көз карандысыздык, тынчтык үчүн жанын берген баатыр аталарыбызга башыбызды ийип, терең таазим кылабыз.

Алар өз мекенинен – СССРдин аймагынан душмандарды кууп гана тим болбостон, Европа жана Азиянын элдерине эркиндик менен эгемендикти тартуулаган.

Жеңиштин келишине бир эле кан майдандагылар эмес, оорукта эмгектенгендер дагы татыктуу! Миллиондогон советтик атуулдар оорукта туруп, кан кечкен жоокерлердин колуна кол, бутуна бут, демине дем болуп беришти. Өздөрү ач-жылаңач калса да, “Бардыгы фронт үчүн!” деген ураан астында тапкан-ташыганын, күн-түндөп өндүргөнүн майданга жөнөтүү менен оор сыноолорду баштан кечиришти. Алардын бир гана көксөөсү – душманды сүрүп чыгарып, “Жеңиш!!!” деген сүйүнүчтүү кабарды угуу эле. Бул кубанычтуу күнгө жетиш үчүн белди бекем бууп, кандай кыйынчылык болсо да чыдашты, кара жанын карч уруп иштешти. Совет элинин биримдигинен, темирдей бекем эркинен, чыдамкайлыгынан акыры улуу Жеңиштин таңы атты, кубанычтын күнү чыкты, сүйүнүчтүн көз жашы төгүлдү.

Улуу Ата Мекендик согуш маалындагы кырчылдашкан салгылаштарда биздин жоокерлердин эр жүрөктүүлүгү менен ооруктагы жумушчулардын, дыйкандардын, аялдар менен балдардын тер төккөн мээнети — мына ушул фронттогу жуурулушкан мүдөөлөрү жалпы Жеӊишибиздин ачкычы болуп берди.

Биз, кийинки муун 80 жылдан бери урагыс биримдик, жаркын келечек жана эгемен өлкө тартуулагандардын эрдигин эскерип, даңкын даңазалап келебиз.

Алардын эмгеги жалпы адамзаттын тынчтыкта жашоого умтулуусуна багыт катары түбөлүк шам чырак болуп жаркырап жансын!

Бул окуя – жеке эле КМШ чөлкөмү үчүн гана эмес, бүткүл адамзат үчүн чоң сабак болуш керек! Азыр да жыйынтык чыгара билишибиз кажет!

Мындан ары мындай кызыл кыргынды болтурбоонун жолун издөө азыр да актуалдуу. Биз мына ошого жооптуу болушубуз абзел!

Аталардын жасап кеткен чен-өлчөмсүз иштерин, ондогон миллион бейкүнөө адамдардын өмүрүн алган алааматтуу согуштун адам баласына тийгизген кесепеттерин урпактар эч качан унутпашы үчүн тынчтыктын баалуулугун коргоону, бейпилчиликтин баасын билип жашоону кийинки муунга өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз. Аталарыбыздын өмүрү менен келген тынчтыкты – турмуш сабагын балдарыбыз менен неберелерибиз үчүн сактап калышыбыз керек.

Мына ошондуктан биз ар жыл сайын Улуу Жеңишти ары сыймыктануу, ары урматтоо, ары сабак болуш үчүн белгилейбиз! Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт! Улуу Ата Мекендик согуштун каармандарынын элеси эсибизде түбөлүк жашайт! Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы кут болсун!».

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Оман аркылуу Кыргыз жарандары эвакуацияланат

Оман аркылуу Кыргыз жарандары эвакуацияланат

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:53 03.03.2026
0

"Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө калып, ата мекенине келе албай жаткан жарандарыбызды эвакуациялап алып келүү боюнча иштер тынымсыз жүрүп жатат". Бул тууралуу...

4-марттан тарта Жидда – Ош багыты боюнча каттамдар кайра уча баштайт

4-марттан тарта Жидда – Ош багыты боюнча каттамдар кайра уча баштайт

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:47 03.03.2026
0

Президент Садыр Жапаровдун эвакуациялык каттамдарды уюштуруу боюнча тапшырмасын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы элчилиги тарабынан тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп,...

Жакынкы Чыгыштагы Кыргыз жарандарын эвакуациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат

Жакынкы Чыгыштагы Кыргыз жарандарын эвакуациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:51 03.03.2026
0

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, министрлик Жакынкы Чыгыштын бир катар өлкөлөрү, анын ичинде Сауд Арабия Падышалыгы, Бириккен Араб Эмираттары, Оман...

Жумуртка эмне үчүн кымбаттап жатат? Министрликтин түшүндүрмөсү

Жумуртка эмне үчүн кымбаттап жатат? Министрликтин түшүндүрмөсү

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:42 03.03.2026
0

Соцтармакта 10 жумуртканын баасы 160-170 сомго жеткен сүрөт тарады. Бул тууралуу Спутник жазды. Министрликтин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаевдин...

Даанасы 75 сомдон башталат. Бишкекте жоогазын фестивалы башталды

Даанасы 75 сомдон башталат. Бишкекте жоогазын фестивалы башталды

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:43 02.03.2026
1

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ТюлпанЛенд компаниясы менен биргеликте жоогазын фестивалын баштады. Фестиваль 2-марттан 10-мартка...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Жумуртка эмне үчүн кымбаттап жатат? Министрликтин түшүндүрмөсү

Жумуртка эмне үчүн кымбаттап жатат? Министрликтин түшүндүрмөсү

11:42 03.03.2026
Дубай аэропорту Жакынкы Чыгыштагы согуш башталгандан бери алгачкы жүргүнчү учактарын жөнөттү

Дубай аэропорту Жакынкы Чыгыштагы согуш башталгандан бери алгачкы жүргүнчү учактарын жөнөттү

09:48 03.03.2026
Аймактагы согушка байланыштуу Жакынкы Чыгышта миңдеген каттамдар токтотулду

Аймактагы согушка байланыштуу Жакынкы Чыгышта миңдеген каттамдар токтотулду

11:17 03.03.2026
Оман аркылуу Кыргыз жарандары эвакуацияланат

Оман аркылуу Кыргыз жарандары эвакуацияланат

17:53 03.03.2026
4-марттан тарта Жидда – Ош багыты боюнча каттамдар кайра уча баштайт

4-марттан тарта Жидда – Ош багыты боюнча каттамдар кайра уча баштайт

17:47 03.03.2026
Жакынкы Чыгыштагы Кыргыз жарандарын эвакуациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат

Жакынкы Чыгыштагы Кыргыз жарандарын эвакуациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат

14:51 03.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү