Дүйшөмбү, 16.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Садыр Жапаровдун маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков тууралуу эмнелер белгилүү?

12:50 04.08.2023
0
Садыр Жапаровдун маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков тууралуу эмнелер белгилүү?

Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбековдун тегерегиндеги ызы-чуу анын Баткендин айрым тургундарына карата айткан сөзүнөн улам күч алууда. Жогорку Кеңештин мурдагы юристи Таттуубүбү Эргешбаевага удаа эле Тажикстан менен чектеш Ак-Сай айылынын тургундары анын кызматтан кетишин талап кылышты.

Дайырбек Орунбеков президент Садыр Жапаровдун маалыматтык саясат кызматын жетектеп келе жатканына туура бир жыл болду. 24.kg ал эмнеси менен белгилүү экенин жазып чыкты. 

Дайырбек Орунбеков биринчи жолу Атамбаевдин тушунда белгилүү болгон. Ал кыргыз тилдүү maalymat.kg сайтынын редактору болгон (сайт азыр жабылган). Айрым маалыматтарга караганда, аны Орунбековдун өкүл атасы Мелис Мырзакматов каржылаган. Бирок Орунбековдун өзү да, Оштун экс-мэри да бул маалыматты тастыктаган эмес. 

2014-жылы Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратура аркылуу Дайырбек Орунбековду жоопкерчиликке тартууну талап кылган. Буга “Маалымат” сайтында 2010-жылдын июнь айындагы улуттар аралык жаңжал үчүн Атамбаевди жана башка саясатчылар күнөөлөнгөн макала себеп болгон.

Башкы прокурор Аида Салянова президенттин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоп сотко кайрылса, сот Орунбековду 2 миллион сомго доого жыккан. Анын мындай акчасы жок болгондуктан, Орунбековдун коомдук жактоочусу Адил Турдукулов акча чогултуу акциясын жарыялап, акция «Сөз эркиндиги үчүн бир сом» деп аталган. 2017-жылы Орунбековго мунапыс жарыяланган.

Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайлангандан кийин Дайырбек Орунбеков активист болуп, саясий туткундарды коргоп чыгып, ошол эле учурда мамлекеттик кызматка орношууга аракет кылган. Ал 2018-жылы ишке ашкан. Ал эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улугбек Кочкоровдун кеңешчиси болгон. «Мен журналистиканы таштадым. Мамлекеттик кызматта иштеп көргүм келет. Мен бул жаатта пайдалуу боло алам деп ишенем”, — деген ошол кезде Дайырбек Орунбеков.

Бирок 2020-жылы журналисттик иликтөөлөрдүн аркасында Дайырбек Орунбеков саясатчыларга социалдык тармактарда «маалыматтык колдоо» көрсөтүп жатканы белгилүү болгон. Тактап айтканда, экс-бажы кызматкери Райымбек Матраимовго жардам берген. Орунбеков фейк менен байланышы бар экенин четке каккан. Бирок ал журналисттерге пандемия маалында Матраимовдордун үй-бүлөсүндө иштеп, гуманитардык жардам таратканын тастыктаган. 

2020-жылдагы парламенттик шайлоодо Дайырбек Орунбеков ачык эле бийликчил “Биримдик” партиясында иштегени менен “Мекеним Кыргызстанга” да жардам берген. Ошол шайлоонун жыйынтыгы Сооронбай Жээнбековдун мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетиши жана Садыр Жапаровдун бийликке келиши менен аяктаган 2020-жылдын октябрь окуясына себеп болгон. 

2021-жылдын февраль айында Дайырбек Орунбеков коррупцияга айыпталып, кийин соттолгон Райымбек Матраимовду колдоо митингинде байкалган. Ал бул окуядан кийин Кытайдан келген товарлардын баасы кымбаттап кеткенин айтып, бажыдагы коррупция жана аткезчилик тууралуу жазган иликтөөчү журналисттерди сынга алган. 

Ал эми ошол эле жылдын июнь айында Кумтөр иши боюнча кармалган депутат Асылбек Жээнбековду колдоо митингине катышып, социалдык тармактарда чагылдырган. Ал эми кийинчерээк социалдык тармактарда Сооронбай Жээнбековду колдоо акциясын баштаган.

2021-жылдын ноябрында Орунбеков парламентке өтүүгө аракет кылган – ал № 11 Алай шайлоо округу боюнча 7-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан. Бирок 14,86 пайыз добуш алып, өтпөй калган. Ал «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы кызматына барган. Ал жерде алты айга жакын иштеп, 2022-жылдын августунда президент Садыр Жапаров аны президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси кылып дайындаган.

2023-жылдын май айында Дайырбек Орунбеков кыргызстандык журналисттерди туристтик сезон алдында терс кабарларды жазбоого чакырган.

Checkit Media платформасы «Президентке жасалма колдоо керекпи?» деген иликтөөнү жарыялады. Материалда анонимдүү булактарга шилтеме берүү менен өлкөнүн башкы телеканалы болгон УТРКда фейк-фабрика бар экени, ошондой эле телерадиокорпорациянын кызматкерлери Дайырбек Орунбековдон  көрсөтмө алган фейк аккаунттар менен байланышы тууралуу айтылат. Алар ошондой эле оппозицияны, бейөкмөт уюмдарды жана көз карандысыз маалымат каражаттарын сындашат. Орунбеков бул иликтөөнү жалаа деп атап, журналисттердин анонимдүү булакка шилтеме жасап жатканы «ишенимдүү эмес» деп белгиледи.

 

1 / 5
- +
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Кыргыз жарандарын Жакынкы Чыгыштан мекенине кайтаруу боюнча иштер улантылууда

Кыргыз жарандарын Жакынкы Чыгыштан мекенине кайтаруу боюнча иштер улантылууда

Автор СЕРЕП МЕДИА
18:38 14.03.2026
1

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында министрлик тарабынан Кувейт, Бахрейн жана Катардын аймагындагы Кыргыз  жарандары Сауд Арабия Падышалыгынын Эр-Рияд шаарынан...

Депутат Сурабалдиева 8-мартка карата акция боюнча: «Менин ишмердүүлүгүм ар кандай сын-пикирлер менен дайыма коштолот»

Депутат Сурабалдиева 8-мартка карата акция боюнча: «Менин ишмердүүлүгүм ар кандай сын-пикирлер менен дайыма коштолот»

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:04 14.03.2026
0

"8-мартта аялдарды коргоо жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы бир сааттык акциядан кийин коомдо ар кандай талкуулар жаралды". Бул тууралуу депутат Эльвира Сурабалдиева соцтармактагы баракчасына...

Депутат Алиев: «Бүгүн айрым эркектер ата болгонуна карабай, балдарды тарбиялоого тийиштүү деңгээлде катышпай жатат»

Депутат Алиев: «Бүгүн айрым эркектер ата болгонуна карабай, балдарды тарбиялоого тийиштүү деңгээлде катышпай жатат»

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:10 14.03.2026
0

Жогорку Кеңеште жыл сайын 15-мартта белгиленүүчү Аталар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, төраганын биринчи...

Курулуш министрлиги Орто-Сай айыл аймагындагы курулуш боюнча расмий түшүндүрмө таратты

Курулуш министрлиги Орто-Сай айыл аймагындагы курулуш боюнча расмий түшүндүрмө таратты

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:23 13.03.2026
0

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы социалдык тармактарда Октябрь районуна...

Мэр Акаев адам өмүрүнө кооптуу канал жээктерин тосуу тапшырмасын берди

Мэр Акаев адам өмүрүнө кооптуу канал жээктерин тосуу тапшырмасын берди

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:08 13.03.2026
0

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Курманжан-Датка жана Манас-Ата муниципалдык аймактары аркылуу өткөн Увам жана Жекелик каналдарынын абалы менен жеринде таанышты....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү