Президент Садыр Жапаровдун “Саясатта 10 жыл” китеби түрк тилине которулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, котормо учурда Түркиянын китеп дүкөндөрүндө сатылууда. 120 беттен турган китепти түрк тилине Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин доценти Мехмет Улуташ которгон.