Шаршемби, 04.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Садыр Жапаровдун Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата кайрылуусу

10:47 07.11.2021
0
Садыр Жапаров: «Апрель революциясы бийликти күч колдонуп эмес, таза шайлоо аркылуу чыңдоо керектигин көрсөттү»

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Төмөндө кайрылуу сөзү:

«Урматтуу мекендештер! Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Эчен кылымдарды карыткан элибиз көкүрөгүнө эгемен эл болуу, эркин мамлекет куруу ой-мүдөөсүн бекем уютуп, бул асыл максаттарга жетүү үчүн тарыхтын нечендеген бороон-чапкындарына буюгуп, бирок буйдалып калбай, улуу дөөлөт курууга чейин жетишип, татаал сыноолорду башынан кечиргенин ошол карт тарыхтын өзү күбөлөйт, өзү тастыктайт.

Улут катары калыптанып, мамлекеттүүлүгүбүздүн түптөлүшүндө жаратман инсандардын эмгеги менен тарыхка өчпөс из калтырган окуялардын орду чоӊ. Алардын бири соӊку жаӊы тарыхта болуп өткөн 1916-жылдагы улуттук-боштондук үчүн күрөш жана 1917-жылдын 7-ноябрындагы Улуу Октябрь социалисттик революциясы Кыргыз мамлекетинин кайра жаралуусуна шарт түзгөн терең мааниге ээ окуялар.

Ата-бабаларыбыздан калган бай тарых, баа жеткис мурас бизге чоң жоопкерчиликти жүктөйт. Азаттык идеясын бекем карманып, көз карандысыздыгын ар дайым бекем коргоону ураан кылып келген ата-бабаларыбыз баскан бараандуу жолду барктап, бизге тартуу кылган керемет жерди, нускалуу элди көздүн карегиндей сактап, анын бир чымчым жерин кемитпей, бир үзүм нарк-насилин бузбай кийинки муунга өткөрүп берүү биздин ыйык парзыбыз.

Элибиздин басып өткөн жолун сый-урмат менен эскерип, татаал тарыхтан таамай сабак алып, учурдагы абалыбызга баа берип, андан туура жыйынтык чыгарып келечекке бийик максаттарды коюушубуз аб зел.Мына быйыл Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы белгиленип жатат. Аны менен удаалаш эле элибиздин чыгаан уулдары, мамлекеттүүлүктү түптөөчүлөр Жусуп Абрахманов, Касым Тыныстанов, окумуштуу тилчи Хусеин Карасаевдин 120 жылдыгын белгилеп, алардын эл-жери үчүн жасап кеткен ат көтөргүс эмгектерин жаш муундарга даңазалап жатабыз. Ошондой эле мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы да өткөрүлүп, республиканын өнүгүү жолуна түшүүсү үчүн кошкон зор салымы даңкталып, анын айткан сөздөрү туура багытка жол көрсөткүч болуп олтурат.

20-кылымда тагдыр чечүүчү окуяларда, кыйын кезеңдерде, кыйчалыш шарттарда элди ачарчылыктан сактап тим болбостон, илим-билимге жетелеп, өз алдынча башкарууга ээ болуусуна бүткүл өмүрүн арнаган жогоруда аттары аталган жана аларга үзөңгүлөш болгон улуу инсандарыбызды эскерип, таазим этүү тарыхы менен сыймыктанган дымактуу эл экендигибизден кабар берет.

 Кадырлуу кыргызстандыктар! Калайык калк!

 Биздин сыймыктана турган өтмүшүбүз, кылымдарды карыткан өрнөктүү маданиятыбыз жана үлгү боло турган тарыхый инсандарыбыз бар. Демек, ата-бабаларыбыздын, тарыхтын алдында мамлекетти өнүктүрүүгө, бийик эл болууга милдеттүүбүз! Ал үчүн татыктуу тарбия менен адеп-ахлакка, терең билимге, алдыңкы илимге басым жасап, биримдик менен ынтымакты туу тутуу менен бийик максаттарга умтулалы! “Тарыхы болбой, эл болбойт, тамыры болбой жер болбойт” деген накыл кептин төркүнүн аңдап, улуу элдин урпактары катары тарыхыбызды алпештеп, сыйлап алалы!»

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Оман аркылуу Кыргыз жарандары эвакуацияланат

Оман аркылуу Кыргыз жарандары эвакуацияланат

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:53 03.03.2026
1

"Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө калып, ата мекенине келе албай жаткан жарандарыбызды эвакуациялап алып келүү боюнча иштер тынымсыз жүрүп жатат". Бул тууралуу...

4-марттан тарта Жидда – Ош багыты боюнча каттамдар кайра уча баштайт

4-марттан тарта Жидда – Ош багыты боюнча каттамдар кайра уча баштайт

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:47 03.03.2026
0

Президент Садыр Жапаровдун эвакуациялык каттамдарды уюштуруу боюнча тапшырмасын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы элчилиги тарабынан тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп,...

Жакынкы Чыгыштагы Кыргыз жарандарын эвакуациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат

Жакынкы Чыгыштагы Кыргыз жарандарын эвакуациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:51 03.03.2026
0

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, министрлик Жакынкы Чыгыштын бир катар өлкөлөрү, анын ичинде Сауд Арабия Падышалыгы, Бириккен Араб Эмираттары, Оман...

Жумуртка эмне үчүн кымбаттап жатат? Министрликтин түшүндүрмөсү

Жумуртка эмне үчүн кымбаттап жатат? Министрликтин түшүндүрмөсү

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:42 03.03.2026
0

Соцтармакта 10 жумуртканын баасы 160-170 сомго жеткен сүрөт тарады. Бул тууралуу Спутник жазды. Министрликтин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаевдин...

Даанасы 75 сомдон башталат. Бишкекте жоогазын фестивалы башталды

Даанасы 75 сомдон башталат. Бишкекте жоогазын фестивалы башталды

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:43 02.03.2026
1

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ТюлпанЛенд компаниясы менен биргеликте жоогазын фестивалын баштады. Фестиваль 2-марттан 10-мартка...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Президенттин Чүй жана Баткендеги өкүлдөрү бошотулду

Президенттин Чүй жана Баткендеги өкүлдөрү бошотулду

21:03 03.03.2026
Жумуртка эмне үчүн кымбаттап жатат? Министрликтин түшүндүрмөсү

Жумуртка эмне үчүн кымбаттап жатат? Министрликтин түшүндүрмөсү

11:42 03.03.2026
Дубай аэропорту Жакынкы Чыгыштагы согуш башталгандан бери алгачкы жүргүнчү учактарын жөнөттү

Дубай аэропорту Жакынкы Чыгыштагы согуш башталгандан бери алгачкы жүргүнчү учактарын жөнөттү

09:48 03.03.2026
Оман аркылуу Кыргыз жарандары эвакуацияланат

Оман аркылуу Кыргыз жарандары эвакуацияланат

1
Президенттин Чүй жана Баткендеги өкүлдөрү бошотулду

Президенттин Чүй жана Баткендеги өкүлдөрү бошотулду

21:03 03.03.2026
Оман аркылуу Кыргыз жарандары эвакуацияланат

Оман аркылуу Кыргыз жарандары эвакуацияланат

17:53 03.03.2026
4-марттан тарта Жидда – Ош багыты боюнча каттамдар кайра уча баштайт

4-марттан тарта Жидда – Ош багыты боюнча каттамдар кайра уча баштайт

17:47 03.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү