Садыр Жапаровго Касым-Жомарт Токаевдин мобилографы жардам берди (видео)

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин мобилографы Астанага Борбор Азия мамлекеттеринин мамлекет башчылары менен Еврокеңештин төрагасынын жолугушуусуна катышуу үчүн барган Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго жардам берди.

Журналист Адил Балтабаев өзүнүн Telegram-каналына видео жарыялап, Токаев менен Жапаровдун жолугушуусунда болгон окуяны айтып берди.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын президентинин делегациясынын мүчөлөрү Акорданын имаратына кирип кетишкен. Жапаров Токаев менен кол алышууга шашып бара жатып, курткасын чечүүнү унутуп калганын байкап, этикеттин эрежелерин бузбоо үчүн курткасын шашылыш чечип, Токаевдин мобилографына кармап турууга берген.