Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишине «2» деген баа берилди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Саламаттыкты сактоо министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты. Жогорку Кеңештин депутаттары, ошондой эле саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери катышкан жыйындын жүрүшүндө саламаттыкты сактоо уюмдарынын 2022-жылдагы ишинин жыйынтыгы жана ушул жылга карата пландары каралды.

Коллегиялык жыйында ведомствонун ишмердүүлүгүнө канааттандырарлык эмес баа берилди.

«Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишин канааттандырарлык эмес деп баалоону сунуштайм. Бүгүнкү күндө саламаттыкты сактоо тутумунун ишине мамлекет жетекчилиги да, жарандар да ыраазы эмес”, — деди Байсалов.

Калктын өлүмүнүн жалпы көрсөткүчү өткөн жылга салыштырмалуу бир аз төмөндөп, калктын 1000ине 4,4тү (1,4%), түзгөн. Калктын өлүмүнүн себептеринин түзүмүндө мурунку жылдардагыдай эле биринчи орунда кан айлануу системасынын оорулары — 51,1% (2021-жылы — 51,1%), экинчи орунда – шишиктердин түрү — 10,3% (2021-жылы — 10,2%), үчүнчү орунда – өлүмдүн тышкы себептери – 7,1% (2021-жылы – 7,3%), төртүнчү орунда – тамак сиңирүү органдарынын оорулары – 5,4% (2021-жылы – 5,3%) жана бешинчи орунда – дем алуу органдарынын оорулары – 4,4% (2021жылы — 4,4%) турат.