Быйыл алты ай ичинде өлкөдө 46 миллиард 969 миллион сом салык чогултулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Илияз Иманбетов билдирди.
Анын айтымында, белгиленген план 2 миллиард 580 миллион сомго ашык аткарылган. «Республикалык бюджетке 37 миллиард 817,8 миллион сом, жергиликтүү бюджеттерге 9 миллиард 151 миллион сом жыйналды», — деди ал. Ал белгилегендей, быйыл алты айда салык былтыркы жылга караганда 13 миллиард көп чогултулду. Жыл аягына чейин 96 миллиард 700 миллион сом чогултуу пландалган.