Бишкек мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте административдик имараттардын тосмолорун алуу иштерин улантып жатат. Бул тууралуу шаар башкармалыгынан маалымдашты.
Бул жолу Мамлекеттик салык кызматынын имаратынын темир тосмолору алынды. Андан тышкары Кусаин Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжинин тосмолору да алынды.
Бул иш-чара «Бишкек башкы архитектура» мекемесинин кайрылуусунун негизинде жүргүзүлдү. Андан тышкары шаар куруу жана архитектуралык иш чөйрөсүндө бирдиктүү стратегиялык саясатты ишке ашыруу жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында өткөрүлдү.
“Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” долбоорунун интеллектуалдык менчик укугу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине өткөрүлүп берилдигин министрликтен билдиришти. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын...
Бүгүн 10-декабрда таңкы саат 05:00дөн баштап ЖКККББнын башчысы Азенбек Козукеев Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Сосновка постунда кызмат өтөгөн жол кыймылынын тескөөчүлөрүн,...
Кыргызстанда сот отурумдарын онлайн көрсөтүлө баштаганын Жогорку соттон кабарлашты. Пилоттук долбоор ноябрь-декабрь айларында башталган. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз...
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда, кыргызстандыктарды Адам укуктары күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу мекендештер! Кымбаттуу кыргызстандыктар! Сиздерди Адам...
Бишкекте түнкү саат 02:00дөн баштап «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматтары күчөтүлгөн режимде иштеп, шаарды жааган кардан тазалоодо. Бул тууралуу 10-декабрда Бишкек...