«Салык төлөнө элек аба эле калды». Депутат салыктардын көтөрүлүшүнө нааразы болду

«Баалар өсүп жатат. Аны ким токтотот?»,- деп суроо салды депутат Балбак Түлөбаев президенттин парламенттеги өкүлүнө.

«Өкмөт Японияга кетиптир аман-эсен келсин. Эмне элдин жон терисин сыйрыганы жатабы? Салыктын үстүнөн салык. Мына, Жаңы жылдан кийин салыктарды курулуш тармагына киргизип жатат. Салыкты көбөйткөндөн көрө азыркы салыкты чогултуп албайсыңарбы. Каякка барсаң, «мен кетем Кыргызстандан, бизнести тапшырам» деп жатышат. Биз баарына макул болуп жатабыз. Бизнеске салыкты көбөйтпөгүлө да. Жакында дагы алып келгени жатыптырсыңар (ред. парламентке) кээ бир салыкка пайыз кошуп, алып келбегиле. Элдин кыжырына тийип эмне кыласыңар? Анда абага да салык салгыла. Ошол эле калды»,- деди депутат.