9-май күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда классикалык кыргыз күрөшү боюнча Улуу жеңиштин 80 жылдыгына жана Советтер Союзунун баатыры Самат Садыковдун жаркын элесине арналган республикалык мелдеш болуп өттү. Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышты.
Жеңүүчүлөргө Спорттун Улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды.
Абсоюлттук салмактар арасында:
1-орун Дурусбек Гулбаев (Баткен);
2-орун Азамат Эгембердиев (Баткен);
3-орун Толубай Шүкүров (Баткен);
3-орун Калысбек Каюмов (Баткен).
80 килограммдан ашык салмак ченинде:
1-орун Эмил Кудайбердиев (Баткен);
2-орун Азрорбек Абдукаймов (Ош);
3-орун Болотбек Туратов (Баткен);
3-орун Шерикбай Аманилла уулу (Баткен).