«Чындыкты ачык айткан жалгыз окуучунун оозун жаап коюшту». Депутат «пранк» видео боюнча пикирин билдирди

Депутат Аида Исатбек кызы бүтүрүүчүнүн «пранк» деп аталып кеткен видеосу тууралуу пикирин билдирди. Анын айтымында, бүтүрүүчүнүн чын жүрөктөн айтылган сөзүн пранкка айланып жиберишти.

«Бул биздеги эски системаны, сапатсыз билим, педагогдордун сабаттуулугу жөнүндө ачык айткан жалгыз окуучу. Жумшак сөз менен айтканда, анын «оозун жаап коюшту», чындыкты айттырбай коюшту. Бирок баланын оозунан чыккан чындык эч кимди тынч уктатпайт! Эгер биз реформаны кааласак, өзүбүздөн, улуулардан башташыбыз керек. Менимче, жаштарга депутаттар, Билим берүү жана илим министри, массалык маалымат каражаттары менен бат-бат жолугушуу уюштуруп туруу керек.

Мектептердин ичиндеги абал ансыз деле белгилүү — адилетсиз баалоо, педагогикалык кадрлардын жакшы даярдалбашы, жоголуп бараткан материалдык-техникалык база, плинтустан төмөнкү деңгээлге түшүп калган мугалимдик кесип… Бүгүн окуучунун оозун жабуу менен силер бөтөлкөдөн «Джинди» чыгарып салдыңар», — деп жазган эл өкүлү.

Интернет айдыңында кечээ, 16-июнда бүтүрүүчүнүн мектеп мугалимдерин, окуу системасын сындаган видеосу жарыяланган. Бүгүн, 17-июнда окуучу ал видеону пранк болчу деп коомчулукка кайрылуу жасады.