“Сапаттын” окуучулары Республикалык олимпиаданын байгелүү орундарынын 50 пайызын ээлешти

“Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин лицейлеринен 24-25-март күндөрү өткөн республикалык олимпиаданын IV этабына 77 окуучу катышып, анын ичинен 18 окуучу байгелүү орундарды ээлешти. Бул тууралуу аталган мекемеден маалымдашты.

1-орунду 7 окуучу, 2-орунду 4 окуучу, ал эми 7 окуучу 3-орунду багындырды. Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын IV этабында бөлүнгөн 36 байгелүү орундун ичинен, 18 орунду “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин окуучулары ээлешти. “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин лицейлери гимназия статусунда болгондуктан жыл сайын так илимдер сабактары боюнча тереңдетилген багытта катышууга мүмкүнчүлүк берилген.

Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жыл сайын 10-11-класстардын окуучуларынын арасында 10 предмет боюнча республикалык предметтик олимпиада өткөрүлүп келет: кыргыз тили, орус тили, англис тили, информатика, математика, биология, химия, физика, география, тарых.

2023-жылы республикалык олимпиаданын IV этабына бардык облустардан жана Ош, Бишкек шаарларынан 325 окуучу катышты.