Сасык тумоону алдын алуу үчүн кайсы эрежелерди сактоо керек? Министрликтин жообу

Сасык тумоо, сасык тумоого окшош оорулардын жана коронавирустун алдын алуу үчүн кайсы эрежелерди сактоо зарылдыгын Саламаттыкты сактоо министрлигинени билдиришти.

— беткап режимин жана социалдык аралыкты сактоо;

— дем алуу органдарынын гигиенасын сактоо;

— жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду жана мурунду менен жабуу;

— үшүп калуудан жана өтө ысып кетүүдөн сактануу;

— өзүн жаман сезген, жогорку температура жана башка сасык тумоого окшош белгилери бар адамдардын өз убагында обочолонуусу;

— санитардык-гигиеналык чараларды сактоо (кол гигиенасы, жайларды үзгүлтүксүз желдетүү, нымдуу тазалоо ж.б.у.с.)

— эгерде балада сасык тумоонун белгилери пайда болсо, дарыгерге кайрылыңыз;

— эртең мененки көнүгүүлөрдү жасоо.