Сауд Арабия Кыргызстанга ажылык сапар үчүн 6 миң квота бөлүп берди

Сауд Арабия Кыргызстанга ажылык сапар үчүн 6 миң квота бөлүп берди. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

«Тараптар 2023-жылдагы ажылык ишин уюштуруу боюнча келишимдерге кол коюшуп, Арабиянын ажылык министрлиги Кыргызстанга 6 миң квота берилгендигин билдирди. Муну менен катар ажылык министринин орун басары эгерде COVID-19 сыяктуу жугуштуу оорулар чыга турган болсо квота кыскартылып, чектөөлөр кирип калуусу мүмкүн экендигин эскертти»,- дешти.