Сауд Арабиясы Кыргызстанга 25 тонна курма тартуулады

Сауд Арабия падышачылыгынан Кыргызстанга 25 тонна курма тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чарага Эмгек министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев жана Сауд Арабиясынын Кыргызстандагы элчиси Ибрагим бин Аль-Ради катышкан.

«Бул долбоор падыша Салман атындагы куткаруу жана гуманитардык иштер борбору тарабынан ишке ашырылууда. Ошол эле учурда борбор жана башка уюмдар тарабынан Кыргызстанга гранттар жана кредиттер түрүндө бир нече жолу жардам көрсөтүлдү, анын ичинде билим берүү, автожолдорду реконструкциялоо, медицина, социалдык өнүктүрүү тармактарындагы долбоорлорду ишке ашырууга жардам көрсөтүлдү», — деди элчи Ибрахим бин Аль-Ради.

Министрдин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев дагы Сауд Арабиясынын Кыргызстанга көрсөткөн жардамын белгиледи. «Пандемиянын кесепеттерин жоюу үчүн КСА 500 миң доллар гуманитардык жардам бөлгөн. Мындан ары дагы биз мурда 100 миң сомдон алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн бизнесин өнүктүрүү үчүн социалдык келишимди ишке ашыруу боюнча кызматташууну улантабыз деп ишенем», — деди ал.

Министрлик долбоордун уюштуруучуларынын планына ылайык, Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы социалдык мекемелерге, тактап айтканда, карылар үйлөрүнө, балдар үйлөрүнө, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, КМДБ жана мамлекеттик уюмдарга бөлүштүрүлөөрүн билдирди.