Саякатчы-блогер Соң-Көлдөгү аппалуза атынын видеосу менен бөлүштү

Саякатчы-блогер Азамат Сулайманов Соң-Көлдө тартылган аттардын сүрөтү менен бөлүшүп, арасында өзгөчөсү бар экенин белгиледи.

«Соң-Көлдөгү өтө кооз чаар ат»,- деген жазуу калтырган.

Бул жылкылардын түрү аппалуза деп аталат. Аппалуза — бул темгил ала түстөгү жылкылардын түрү. Кыргыздар мындай түрдөгү жылкыларды өңүнө карап, сарала же чаар ат дешет. Бул жылкылар чыдамкайлыгы, күлүктүгү жана каруусунун күчтүүлүгүнөн ат жарышка да, кара жумушка да жөндөмдүү келишет. Мекени болуп АКШ саналат. Айрымдар анын түпкү теги кыргыз жылкыларына барып такалат дешет.

Кыргызстандын Хорсбол федерациясынын президенти Мунарбек Кулданбаевдин айтымында, АКШ аппалузасынын түпкү теги кыргыздыкы. «Аппалузанын генин изилдөө максатында 2012-жылы АКШнын Тампа университетинин окумуштуулары Кыргызстандан 30 жылкы алышкан. Алар жылкыларды АКШнын аппалузасы менен салыштырышкан. Анализдердин жыйынтыгында, АКШ аппалузасы менен кыргыздын чаар жылкысынын окшоштуктары көп чыккан«,- деди ал.